Миңдеген адам Ашхабаддагы соода борборуна чабуул койду
Өткөн аптанын жума күнү Ашхабаддагы «Йимпаш» соода борборунун кездеме саткан бөлүмүндө 50 пайыздык арзандатуу жарыяланып, имараттын айланасы да, ичи да миңдеген адамга толгон. Көп өтпөй кезек күтүп тургандардын арасында талаш-тартыштар жаралып, айрым сатып алуучулар ортосунда мушташ да болгон.
Ашхабаддагы «Йимпаш» соода борбору жабылып жатканына байланыштуу миңдеген сатып алуучулардын көңүлүн бурган арзандатуу жарыялаган.
«Йимпаштын» ичинде кезек күтүп тургандардын көптүгүнөн улам адамдар артка да бурула албай калышкан, сыртта да имараттын ичине кирүүнү каалагандардын саны өтө көп болчу. Кире бериште турган нөөмөтчү кызматкерлер адамдарды топ-топко бөлүп киргизүүгө аракет кылышты. Бирок талаш-тартыштардан улам кезек күтүп тургандар ортосунда улам-улам пикир келишпестиктер болуп жатты. Арасында мушташканга чейин баргандар да болду», - деди Ашхабаддын соода борбордо болгон тургуну.
Анын айтымында, абалды полиция кызматкерлери өз көзөмөлүнө алганына карабастан арзандатуу менен товар алууну каалагандардын саны соода борбору жабылганга чейин азайган эмес. Эртеси арзандатуулардын аяктаганына карабастан идиш-аяк менен жаңы жылдык белектерге 50 пайыздык арзандатуу болуп жаткандыгы тууралуу кабардан улам миңдеген сатып алуучу «Йимпашка» чабуул койгон.
Ажиотаж имаратынын бузула тургандыгына байланыштуу «Йимпаш» түрк соода борборунун жабылып жатышына байланыштуу. Бийлик анын ордуна 2017-жылы өтчү Азия оюндары үчүн унаа токтотуу жайын курууну каалайт. Мындай чечим ушул жылдын июлунда болгон Түркиядагы төңкөрүш аракетинен көп өтпөй Түркмөнстанда жана башка өлкөлөрдө диний ишмер Фетхулла Гүлендин атына байланышкан уюмдар жабыла баштагандан кийин кабыл алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38