Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде окуу-өндүрүштүк тигүү цехи ачылды
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде окуу-өндүрүштүк тигүү цехи ачылып, студенттердин алып жаткан билимдерин практикалык жактан бекемдөө шарттары жаралды. Бул тууралуу аталган окуу-жайынын ректоратынан билдиришти.
Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору Абдилбает Мамасыдыковдун айтымында, аталган окуу жайдагы Гуманитардык-экономикалык колледж “Тигилүүчү буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо” адистиги боюнча орто кесиптик билими бар адистерди көптөн бери даярдап келет.
- Бул адистик боюнча билим алган бүтүрүүчүлөр тигүүчү фабрикаларда, цехтерде, ательелерде, моделдер жана мода үйлөрүндө, тиричиликти тейлөө ишканаларында модельер, инженер-конструктор, технолог, көркөмчү-стилист, дизайнер-модельер, тигүүчү болуп иштешет. Бүгүнкү күндөгү рыноктук экономиканын шартында бул адистик боюнча бүтүрүүчүлөргө суроо-талап абдан көп, анткени Кыргызстанда бул багыттагы ишканалар күндөн-күнгө дүркүрөп өсүүдө, аларда иштегендердин эмгек акылары да салыштырмалуу жогору экендиги коомчулукка маалым, - дейт ал.
Ошол адистик боюнча билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк тажрыйбадан өтүү шарттарын жакшыртуу, билим берүү процессин жана өндүрүш процессин жакындатуу максатында Экономика жана ишкердик университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинин алдында окуу-өндүрүштүк цех ачылды. Цехтин ишин камсыздандыруу максатында жалпысынан 903 миң сомдук зарыл жабдуулар сатып алынган.
Жакынкы келечекте Экономика жана ишкердик университетинин студенттеринин окуу-өндүрүштүк тажрыйбасын сапаттуу уюштуруу үчүндагы бир катар ишканалар ачылмакчы. Мисалы, “Финансы жана кредит”, “Банк иши” адистиктеринде окугандар үчүн виртуалдык банк, “Юриспруденция” багыты боюнча окугандарга виртуалдык милиция бөлүмү, “Мектепке чейинки билим берүү” адистиги боюнча окугандарга “Ак Кеме” бала бакчасы жана башка ушул сыяктуулар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30