KELECHEK
rek

Токтогулда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Токтогулда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Уурулук менен алектенген кылмыштуу топ Токтогул районунда 2 менчик соода дүкөндөрүн, жарандардын турак үйлөрүндөгү буюмдарын жана короолорунда турган 9 автоунаанын ар кандай тетиктерин уурдашкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топ автоунаанын: акумулятор, магнитофон, калонка, дөңгөлөктөрүн, ключ, домкрат, авто зарядка, генератор, карбуряторун,  айрым автоунааларды уурдап, ээн талаага алып барып керектүү тетиктерин чыгарып алышкан.

Ошондой эле, Токтогул шаарындагы №39 кесиптик лицейдин компьютеринин мониторун уурдап кетишкен. Жалпылап караганда жогорудагы 15 факт апрель, май айларындаТоктогул РИИБнө катталып, КР КЖКнын 164-статьясынын негизинде кылмыш иштери козголгон.

Жогорудагы уурулук фактылары боюнча Токтогул РИИБнүн кызматкерлери тарабынан  жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө иштеринин негизинде, 14-май күнү район аймагындагы жогорудагы кылмыштардын бети ачылып, шектүү катары 5 адамдан түзүлгөн кылмыштуу топ кармалышты.

“Алар Токтогул шаарынын 19-22 жаштагы тургундары экендиги аныкталды.  Далил буюмдар алынып, жасаган кылмыштарын толугу менен мойнуна алышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...