KELECHEK
rek

БУУ Түркмөнстанды абактарда дайынсыз жоголгондор боюнча маалыматтарды ачыктоого үндөдү

БУУ Түркмөнстанды абактарда дайынсыз жоголгондор боюнча маалыматтарды ачыктоого үндөдү

БУУнун кыйноолорго каршы комитети Түркмөнстандан 2017-жылдын декабрына чейин абакта дайынсыз жоголгондордун тагдыры тууралуу маалыматтарды берүүсүн өтүндү. Андан сырткары адамдардын сотсуз камалышы жана профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу укук коргоочулар менен журналисттердин кармалышы боюнча маалыматтарды ачыктоого чакырды. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар борборуна шилтеме кылып «Фергана» агенттиги билдирди.

«Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов дайынсыз жоголгон. Ал тууралуу 2002-жылдан бери эч нерсе белгисиз. Ошондой эле ЕККУдагы мурдагы элчи Батыр Бердыевдин тагдыры жөнүндө да эч нерсе белгисиз», - деп билдирди комитеттин эксперти Фелис Гайе.

Түркмөнстандын кыйноолорго тыюу салуу, жарандыгы жок адамдар менен мигранттардын укуктарын коргоо, гендердик теңдик, абактагы шарттарды жакшыртуу, ошондой эле адам сатууга каршы бир канча мыйзамдык актыларды кабыл алганы айтылууда.

Фелис Гайенин айтымында, Түркмөнстандан кыйноого алгандардын жазага тартылбай жаткандыгы, ошондой эле өлкөдө абактагыларга жаман мамиле жасоо учурларынын жайылгандыгы тууралуу билдирүүлөр дагы деле келип түшүүдө. Жыйынтыктоочу сунуштамалардын алкагында Түркмөнстанды адам укуктары жаатындагы абалга мониторинг жүргүзүү боюнча «чыныгы көз карандысыз» орган орнотууга үндөштү.

2013-жылдын октябрында Түркмөнстандын жарандык коому менен тилектештик тобу «Аларды тирүү көрсөткүлө!» аталышындагы эл аралык өнөктүк башталганын билдиришкен. Иш-чаранын максаты 2000-жылдардагы массалык репрессиялардан кийин түркмөн абактарында дайынсыз жоголгон адамдардын тагдыры боюнча маалыматтарга жетүү болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53