
Ош шаарынын мэри 9 жашар кыздын өмүрүн сактап калган куткаруучуну сыйлады

Бүгүн, 16-май Ош шааарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Увам” каналында агып бара жаткан 9 жашар Нуризаны куткарып калган ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Баймуратов Нурланды жана “Куткаруу кызматынын” нускоочусу Бекиев Мыктыбекти ардак баракча менен сыйлады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, шаар башчысы куткаруучулардын кылган баатырдыгы менен баары сыймыктана турганын билдирди. “Силер канчалаган табият кырсыктарында эрдик көрсөтүп келесинер. Көпчүлүк учурда өз өмүрүнөрдү тобокелге салып адам өмүрүн сактап каласынар. Арабыздан сиздердей баатырлар көбөйө беришине тилектешмин”,-деди А.Кадырбаев.
“Белгилей кетсек, окуя 17-апрель саат 14:00 чамасында катталган. Шакиров көчөсүнүн тургуну Рыскулова Нуриза эшик алдында ойноп жатып, “Увам” каналына тобун агызып жиберген. Аны алам деп артынан каналга өзү да түшүп кеткен. Бекиев сууга боюн таштап аккан кызды болжол менен 500 чакырым аралыктан алып чыккан”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18