Кыргызстан прокуратурасынын эл аралык рейтинги жогорулоодо
Кыргызстандын прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөш жаатындагы эл аралык рейтингде жогорулап бара жатат. Transparency International уюмунун тизмесинде былтыркы көрсөткүч боюнча 166 мамлекеттин ичинен 123-орунду ээледи. 2012-жылы 164-тепкичте болчу. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Эл аралык коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата жыйында Башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.
Аталган эл аралык уюм Кыргызстанда жемкорлукту азайтуу боюнча бийлик тарабынан күрөш дагы күчөтүлүшү зарылдыгын белгилеп келет.
2003-жылдын 9-декабрында Мексикада өткөн конференцияда Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча конвенциясы кабыл алынган. Аны 170 мамлекет колдогон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









