KELECHEK
rek

Дүйшөмбүлүк наабайчыларды мажбурлап өргүүгө кетиришти

Дүйшөмбүлүк наабайчыларды мажбурлап өргүүгө кетиришти

Дүйшөмбү шаарындагы ондогон наабайкана нан сатууну токтотту - борбордогу электр энергиясынын тартыштыгынан улам мэрия наабайчыларга жазга чейин ишти токтото турууну сунуштады. Электр энергиясына көзөмөл жүргүзүү боюнча шаардык кызматтын маалыматына караганда, борбордо электр энергиясын пайдаланып иштеген 200 наабайкананын 110дон ашыгы ишин токтотуп, 86сы көмүр же отун пайдаланууга өттү.

Көмүргө өткөн наабайканалардын ээлери шаар бийлигинин мындай демилгеси нандын кымбатташына алып келиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Наабайчы Фахриддин Набиевдин айтымында, көмүр пайдаланып нан жабуу оор эмес болгону менен ал наабайчылардын да, сатып алуучулардын да ден соолугуна зыян.

Электр энергиясын пайдаланган наабайканалардын иши токтогондон кийин нанга болгон баа жогорулайт деген кооптонууларга карабастан учурда борбордогу баалар мурдагы бойдон калууда. Нан сатуучу Мухтасар Султонова чоң нандарды мурдагыдай эле 3 сомониден сатып жатканын айтты. Бирок ал наабайканалардын жазга чейин жабылышы шаарда нан тартыштыгын жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Шаар бийлиги болсо борбордогу наабайканалар жашоочуларды нан менен толук көлөмдө камсыз кыла аларына ишенет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20