KELECHEK
rek

Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан президенттери Мирзиёевди жеңиши менен куттукташты

Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан президенттери Мирзиёевди жеңиши менен куттукташты

Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери 2003-жылдан бери премьер-министрликти аркалап, өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин убактылуу мамлекет башчысы болгон Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташты. Орусия президенти Владимир Путин дагы Өзбекстандын жаңы шайланган президентине куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, аны Орусияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен алгачкылардан болуп куттуктады. Рахмондун куттуктоо телеграммасында Мирзиёев «шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеткендиги» айтылган.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы Шавкат Мирзиёевди Өзбестандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди. Назарбаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Өзбекстандын жаңы президентин Астанага чакырды.

Өз куттуктоосунда Назарбаев болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы өлкө тандаган багыт Өзбекстан элинин колдооосу менен жогорку ишенимине ээ болгонун белгиледи.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Өзбекстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады. Буга чейин Атамбаев Мирзиёев менен мамилеси жакшы экенин бир канча жолу билдирген.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 87,83% добуш бергенин билдирди. Бул көрсөткүч Каримовдун тушундагы шайлоолордон бир аз төмөн (91%), бирок мурдагы союздук өлкөлөрдөгү акыркы саясий өнөктүктөргө караганда кыйла жогору. Шайлоого 18 миллионго чукул жаран катышты.

Шавкат Мирзиёев үчүн 15 миллион 906 миң киши же жалпы шайлоочулардын 88,6 пайызы добуш берген. Мирзиёевден башка шайлоого дагы үч талапкер катышкан. Демократиялык "Миллий тикланиш" партиясынан социолог жана экономист Наримон Умаров, Социал-демократиялык "Адолат" партиясынан Сарвар Отамуратов, Элдик-демократиялык партиядан Хотамжон Кетмонов ат салышты. Бюллетенде “баарына каршы” деген графа көрсөтүлгөн эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52