KELECHEK
rek

Путин «карьерасын ийгиликтүү аяктоону» каалай турганын билдирди

Путин «карьерасын ийгиликтүү аяктоону» каалай турганын билдирди

Орусия президенти Владимир Путин «карьерасын ийгиликтүү аяктоону» каалай турганын билдирди. Ал Челябинсктеги «Этерно» өнөр жай ишканасынын жумушчулары менен болгон жолугушуусунда мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин саякаттоону кыялданарын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө менин саякаттарымдын бардыгы тең аба майданга, андан кайсыл бир мекемеге барып кайра аба майданга кайтып келүү менен гана чектелүүдө. Албетте мен башкача, жаратылышты, кайсыл бир тарыхый ажайып жайларды көрүү менен саякаттоону каалайм", – деди Путин.

Буга чейин Владимир Путин азырынча 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасын чече электигин билдирген. Bloomberg агенттигине берген интервьюсунда орус лидери болочоктогу мамлекет башчысында жаштык менен «жетилгендиктин» айкалышы болушу керектигин кошумчалаган.

Путиндин өзү быйыл 7-октябрда 64 жашка толду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12