KELECHEK
rek

Ош шаарында Р.Абдакадыров көчөсү кайрадан оңдолуп жатат

Ош шаарында Р.Абдакадыров көчөсү кайрадан оңдолуп жатат

Бүгүн, 16-майда Ош шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов жетектеген атайын жумушчу топ, курулуш адистери, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилери,ММКнын өкүлдөрү менен биргеликте шаарда курулуп жана оңдолуп жаткан жолдор менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, жумушчу топ Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү көпүрөнүн курулуш иштерин көрүштү.

“Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 млн сомго бааланган. Курулуш мөөнөтү бир жыл, бирок биз ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүүнү пландап жатабыз. Көпүрөнүн өзү май айынын аягында бүтөт. Учурда курулуш иштеринин 30 пайызы бүткөрүлдү. 18 техника, 50гө жакын куруучу иш алып барууда”, - деди М.Исраилов.

Андан соң, Өзгөн көчөсүнүнүн курулушу менен таанышты. Аталган жолдун жалпы узундугу 345 м., кеңдиги 13,0 м. Жолдун курулушу 2015-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда курулуш иштери аяктап пайдаланууга берүүнүн алдында.

Ага улай, 2015-жылдын август айында башталган Р.Абдыкадыров көчөсүнүн оңдоп түзөө иштерин текшеришти. Бул жолдун жалпы узундугу – 1,4 км., кеңдиги – 14,0 м., тротуар – 2,5 м. эки тараптан.

 “Р.Абдыкадыров көчөсүнүн КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин демилгеси менен өткөн жылдын август айында курулуп башталган.  Курулушту «Усен Аман» ЖЧКсы ишке ашырган. Көчөнүн курулушу сапатсыз деп табылып, курлуштун жетекчилерине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тарабынан кайрадан оңдоп түзөө тапшырмасы берилген. Учурда сапатсыз бүткөн 500 метрге жакын аралыкты кайрадан оңдоп түзөө, асфальт төшөө иштери жүрүп жатат”,-деди М.Исраилов.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13