“Жалал-Абад АШКсы өзү кабыл алган чечимин өзү жокко чыгара албайт”, - саясий партиянын өкүлү
Бүгүн, 5-декабрь күнү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн отурумун өткөрүп, анда БШКнын “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Ата-Мекен” партияларынын “КСДПнын талапкерлерин тизмесин түзүүдө гендердик норманы сактабаганы жана жайгашуу тартибин бузгандыгын” көрсөткөн арызы боюнча кабыл алган чечими каралды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, БШК тарабынан аталган үч партиянын арызы каралып, анда мыйзам бузуучулукту чететтүү боюнча АШКга сунуш берилген. КСДПнын тизмесиндеги мыйзам бузуучулукту убагында билдирбегендиги үчүн Жалал-Абад АШКнын төрайымы Бактыкан Нуралиевага сөгүш берилип, ал кызматынан четтетилди.
“Жогорудагы үч партиянын арызынын негизинде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 30-ноябрда чечим кабыл алгандыгына карабай, 2-декабрда кайрадан башка чечим чыгарганы туура эмес болгон. Ошол себептен, бүгүн аймактык шайлоо комиссиясы БШКнын сунушун карап, төрайымды алмаштырды. Ал эми 2-декабрда кабыл алган “КСДП партиясын шайлоодон четтетүү” боюнча чечимин бүгүн кайрадан карап, аны өзүнүн чечими менен жокко чыгарды. КСДПнын тизмесинен 24 талапкер чакыртылып алынып, тизмеси мыйзамга ылайыктуу кайрадан түзүлдү”, - дейт Д. Жүндүбаев.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрь күнү КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарган чечим кабыл алган. Андан кийин, АШКнын айрым мүчөлөрүнө ар кандай кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми 3-декабрь күнү АШК өздөрүнүн жыйынын өткөрүп, Алтынай Маматованы төрайым кылып шайлашкан. Бирок, жыйындын протоколун жазууга ОИИБнын 10-бөлүмүнүн 3 кызматкери иш бөлмөсүнө кирип алышкандыктан, тоскоол болуп жаткандыгын комиссиянын мүчөсү Насыйкат Калымбетова билдирген болчу.
Жалал-Абад АШКнын бул кабыл алган чечимине “Өнүгүү-Прогесс”, “Ата-Журт” жана “Ата-Мекен” партиялары нааразы болуп, өздөрүнүн арызын даярдап жатышкандыгын билдиришти.
- Аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда кабыл алган чечимин өзү кайра 5-декабрда жокко чыгарып жаткандыгынын себеби, бул күч органдары менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иштеген жердеги жетекчилеринин түздөн-түз кийлигишүүсүнөн жана аларды кысымга алуусунан улам болуп жатат. Тизмени шайлоого бир жума калганда кайрадан түзүп чыгууга уруксат берген мыйзам Кыргызстанда жок. КСДПнын тизмесиндеги талапкерлердин бир нечесинин дареги МККнын сайтынан текшергенде Бишкек шаарынын, Базар-Коргон, Сузак райондорунун тургундары болуп жатат. Биз партиялык тизмеге кирген талапкерлердин тизмесин биздин көзүбүзчө текшерип бергиле десек, АШК ушул күнгө чейин текшербей, биздин арызды карабай жатышат. Ошол себептен, биз арызыбызды БШКга жазып даярдап жатабыз. Жалал-Абад АШКсы 2-декабрда өзү чыгырган чечимин өзү жокко чыгара албайт. Себеби, мындай мыйзам эч жерде каралбаган. Ошондой эле, ал чечимге нааразы болуп эч ким арыз жазган эмес, - дейт “Өнүгүү-Прогресс” СПнын өкүлү Майрамбек Адылбеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |