KELECHEK
rek

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү белгиленди

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү белгиленди

3-декабрь - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү катары Бириккен улуттар уюмунун башкы ассембилеясы тарабынан белгиленген. Бул эл аралык күн жылда Жалал-Абад шаарында белгиленип келет. Быйыл да Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда белгиленди. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.

Анын айтымына караганда, бул күнгө атайын бир айлык өнөктүк жарыяланган. “Ошонун негизинде шаардагы бардык мекеме-ишканалар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык колдоолорун көрсөтүштү. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом акча каражаты бөлүндү. Бул жарандардын көңүлүн көтөрүү максатында мектеп окуучулары жана маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа даярдалып, көрүүчүлөргө тартуу кылынды”, - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, шаардагы психоневралогиялык статционардык жатак үйүндө да бул күн белгиленип, бир канча жетекчилердин катышуусунда мектеп окуучулары, студенттер тарабынан аталган жатак үйдүн тарбиялануучуларына оюн-зооктор уюштурулган жана балдарга алар тарабынан белектер берилген.​

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13