Курчоодогу Алепподо киши көмүүгө жай калган жок
Сириянын Алеппо шаарында каза тапкандарды жерге берүү үчүн бош көрүстөн калган жок. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирүүдө. Курчоого алынган райондун тургундары аба соккулардан өлгөн адамдарды өз үйлөрүнүн арткы короосуна көмүшүүдө.
Шаардын дарыгерлери белгилегендей, Алеппонун моргдору дагы өлүктөргө толду. Жергиликтүү бийлик массалык түрдө көмүү ырасымын жүргүзүүгө даяр, бирок бул үчүн керек болгон техника жок.
Адам укуктарын корголушуна мониторинг жүргүзгөн сириялык борбордун маалыматына караганда, 15-ноябрда өкмөттүк армия козголоңчуларга карата чабуул баштагандан бери Алеппонун чыгыш бөлүгүндө 300дөн ашуун киши курман болду, алардын ичинен 40тайы жаш балдар. Акыркы үч аптанын ичинде президент Башар Асаддын күчтөрү куралдуу оппозициядан шаардын 60% тартып алды.
Сириядагы жарандык согуш учурунда Алеппо шаары зоноаларга бөлүнүп калды. Батыш тарабы өкмөттүк армиянын карамагында. Чыгыш бөлүгүн сириялык козголоңчулар көзөмөлдөйт. Чоңдугу боюнча өлкөдөгү экинчи шаар болгон Алеппону толугу менен алуу – президент Башар Асаддын негизги максаттарынын бири.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









