
Сузакта өзбек мектептеринде Манас айтуу сынагы өтүп жатат

Сузак районундагы Дом-Ата аталышындагы өзбек тилдүү мектепте "Манас күнү" белгиленип, анда Жалал-Абад облусунун аймагынан топтолгон жаш манасчылар арасында облустук “Манас айтуу” сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, бул сынакты жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө жана улуттук баалуулуктарды жаштарга кеңири таанытуу максатында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы "Мекеним менин-Кыргызстан" долбоорунун алкагында уюштуруп, ага түрдүү улуттардан топтолгон 7 жаштан 15 жашка чейинки 14 манасчы катышууда.
Аталган иш-чаранын ачылышы шаңдуу башталып, окуучулар мамлекеттик гимнди жандуу үн менен ырдашты. Ошондой эле өспүрүмдөр өздөрүнүн улуттук көрүнүштөгү чыгыштары менен жалпы коноктордун патриоттук сезимдерин ойготуп, тынымсыз кол чаап турууларына шарт түзүштү.
Эске салсак, 4-декабрь "Манас күнүнө" карата Манас айтуу иш-чарасы "Тарых жана маданият" жылынын алкагында облустук деңгээлде өткөрүүгө облустук милиция жана жергиликтүү бийлик демилге көтөрсө, ага билим берүү бөлүмү, усулдук борборлор жана укук коргоо органдары көмөкчү болушкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41