Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы КСДП партиясынын тизмесин жокко чыгарды
Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Насыйкат Калымбетованын берген маалыматына караганда, кечээ 2-декабрда АШК кезексиз жыйынга чогулуп, “Ата-Журт”, “Өнүгүү”, жана “Ата Мекен” партияларынан келген: “КСДП партиясы гендердик балансты сактаган эмес жана айрым талапкерлердин документтери туура топтолгон эмес” деген доо арызды карашкан.
Н.Калымбетованын сөзүнө караганда, кезексиз жыйында Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бактыкан Нуралиева кеткен кемчиликтерди мойнуна алып, мыйзам бузуучулук бар экенин жокко чыгарган эмес жана өз арызы менен төрайымдыктан кеткен.
- КСДП партиясын каттап атканда төрайым жоопкерчиликти өзүнө алган. Бизге ал документтерди көрсөткөн эмес. Эгерде, башында эле биз дагы тизмени карап, документтерин кошо текшеришкенде мындай катага жол бербейт болчубуз. Төрайым карагандан кийин, биз ал документтерди караганга укугубуз жок болчу. Жыйында төрайым бардыгын мойнуна алып жаткандан кийин, аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү тең, партиянын тизмесин жокко чыгарууга макул болдук. Протоколго төрайым кол коюдан баш тартты. Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин БШКга жибердик. Биздин чечимди алар карап чыгып, өз бааларын беришет, - дейт Н.Калымбетова.
Эскерте кетсек, 11-декабрда өтө турган Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосуна 7 саясий партия катышууда. Шаардык кеңеште 31 депутаттык орун бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









