“Ата-Журт” СПнын жаштар канаты: “Жалал-Абадды жаштар өзгөртөт”
Жакында “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын Жалал-Абад шаардык жаштар канаты тарабынан “Жалал-Абадды жаштар өзгөртөт: Көз-караштар, сунуштар” деген темада шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын жаштар уюмдарынын лидерлеринин катышуусунда жаштар форуму уюштурулду.
Жаштар форумуна үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында өтө турган Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын тизмесинин алдыңкы катарында турган Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Тамерлан Осмонов баштаган бир нече депутаттар, талапкерлер Шаирбек Ташиев, Ринат Абылкасымов жана мугалимдер, дарыгерлер, жеке ишкерлер, өмүр бою шаардыктар үчүн эмгектеген, колу коррупцияга малынбаган кесипкөй адистер, ар кандай долбоорлор менен иштеген жаштар катышты.
Жаштар форумун “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын жаштар канатынын лидери Орозбек Абдыллаев ачып, жаштар өнүксө, биздин коом өнүгөт, коом өнүксө – биздин шаар, мамлекетибиз өнүгөт деген жалындуу сөздөр менен ачты. “Ошол себептен, форумдун темасын “Жалал-Абадды жаштар өнүктүрөт” деп тандап алдык”, - дейт О.Абдыллаев.
“Кудай буйруп, шайлоодо көпчүлүк добуш алып, өтүп калсак, шаардын өсүшүнө, өнүгүшүнө сиздер менен бирге салым кошобуз. Элибизде “Асыл таштан, акыл жаштан” деп айтылгандай, шаардагы окуу жайлардын студенттери менен баарлашып, шаардын кызыкчылыгы үчүн жаштар тарабынан берилген суроолордун чечилиши үчүн сиздер менен биргеликте иш алып барууну көздөйбүз. “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын максаты – инвесторлорду тартуу менен шаарды өзгөртүүгө салым кошобуз. Бул биздин 7 багыттан турган программада кеңири камтылган”, - дейт Эрнисбек Ормоков.
Форумда Жалал-Абад шаардык кеңешине “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын тизмесинде талапкер катары шайлоого каташып жаткан Ринат Абылкасымов шаарды кандай жол менен өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасы менен тааныштырып өттү. Анын айтымында, партиянын прогарммасында коопсуз шаар үчүн борбордук көчөлөргө видео камераларды орнотуу, эл аралык өнөктөштөрү менен бирге социалдык көп кабаттуу үйлөрдү курууну ишке ашыруу пландары бар.
- “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясы элди, жаштарды ойлой турган партия болуп саналат. Шаарга троллейбусту киргизүү планынын үстүндө иштеп жатам. Шаардын бюджетин толтура турган бул – троллейбус (электр кубаты менен жүрүүчү автобус) каттамы болуп саналат. Өзүңөр шаарда каттаган маршруткаларды көрүп жатасыңар, анын ичинде ыңгайлуулуктар жок. Бул троллейбус экологиялык жактан да таза болот. Троллейбус жүрө турган шаардын схемасы: Көк-Арт кичи районунун Фабричный көчөсүнөн башталып, Азимов, Осмонов көчөсүнө өтүп, Жеңи-Жок, Манас, Тарсус көчөсүнөн кесилишип өтүп, Абдрахманов, Курманбек, Б.Осмонов көчөсү менен жүрүп отуруп, Пушкин, Бакиев, Токтогул көчөлөрүнөн темир жол вокзалынын айлампасына чейин баары 25 чакырым болот. Троллейбустун бизге келип түшө турган заманбап эң ыңгайлуу баасы 50 миң доллар. Троллейбуста жүрүү үчүн студенттерге карточка ыкмасын киргизип, айына карточканы 200 сомдон сатсак, анда студенттер, пенсионерлер үчүн бир топ арзан болот. Таксиге айына бир студент 1000 сомго жакын каражат кетирет. Аялдамаларды арендага берип, заманбап үлгүдөгү аялдамаларды 40-50 миң сомдон курууга болот. Жарнама түшө турган кылып, ижарага берсек, бюджетке да акча түшөт. Келечекте шаар чоңоюп жатат. Азыркы учурда муниципалдык автобустарга ГСМ үчүн эле бир жылда бюджеттен 2,5-3 млн сом акча кетет экен. Троллейбус жүрүп калса, электр энергияга акча көп кетпейт. Бизде электр линиялары бар. Ал эртең мененки саат 6дан кечки саат 12ге чейин иштейт. Акыркы үлгүдөгү заманбап троллейбустар 3 млн. сомдон 7 млн. сомго чейинки суммада алынып келинет. Анда ичинде бардык шарттар түзүлгөн болот. Орусиядан заманбап гибридный варианттагы троллейбустарды ала турган болсок, бир тарабына 25 чакырымга электр зымы менен барса, кайра кайтканда башка жол менен электр зымына уланбай туруп эле келе бере турган ыңгайлуу жагы бар.
Шаарды кайсы багытта өнүктүрсөк болот? Аэропортту башка жакка жылдырып, ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү, көңүл ачуучу жайларды салууга болот. “Ата-Журт” партиясы жаштарга мүмкүнчүлүк берип жатат. Эгерде шайлоодо өтүп калсак, депутат катары жогоруда айтылган троллейбусту ишке киргизүү жана коопсуз шаар куруу, шаардагы мамлекеттик кызматта иштегендерге 15-20 жылдык мөөнөткө социалдык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу планыбызды ишке ашырам,- дейт Р.Абылкасымов.
Ошондой эле, жаштар форумунда “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын тизмесинин алдыңкы катарына кирип, талапкер катары шайлоого катышып жаткан ишкер Шаирбек Ташиевдин сөзүнө караганда, партиянын 7 багыттан турган программасында Жалал-Абад шаарын – эң таза шаарга айландыруу, шаарга мунай иштетүүчү заводду куруу, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү пландары бар.
- Бул жаштар форуму өтө актуалдуу. Жалал-Абад шаары чакан болгондугуна карабастан, шаардын тазалыгы көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Биздин партиянын программасында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууну көздөп жатабыз. Бул шаардыктардын проблемасын чечүү менен жаштарды иш менен камсыз кылуу, экология маселесин чечүү болуп саналат. Таштанды таштаган полигон Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Курук-Сай участкасында жайгашып, экологияны бузуп, адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Себеби, бул жер шаарга өтө эле жакын жайгашкан. Санитардык көзөмөл кызматынын актыларына крабастан, абал дале оңоло элек. Таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу долбоору 1 млн. 800 миң доллар болуп жатат. Ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу планыбыз бар. Азыр шаардын бюджети 325 млн. сом болуп жатса, инвесторлорду тартуу менен аны 1 млрд. сомго көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошол эле убакта биздин партия шаардагы турак үйлөр менен мекеме-ишканалардын имараттарынан тартып, жолдорго чейин тазалоо боюнча комплекстүү план-программаны сунуштайбыз.
Мазутту кайра иштетүүчү заводду Кыргызстанда биринчилерден болуп, Жалал-Абадда жаштар менен чогуу биз курабыз. Ал жерде 60-70 жаңы иш орун пайда болот. Жергиликтүү нефтинин курамында 60 пайыз мазут чыгат. Биз бул мазутту болбогон эле акчага сатып жатабыз. Эгерде ошол мазутту кайрадан өзүбүз иштетсек, андан бензин, битум алабыз. Азыр битумду биздикилер 2-3 эсе кымбат баада Орусиядан, Өзбекстандан алып жатышат. Өзүбүз чыгарсак, анда битумдун баасы арзандайт. Жаңы түзүлгөн жумуш орундарга жаштар иштейт, - деди Ш.Ташиев.
Ошондой эле, шаардык кеңешке аттанып жаткан “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын Жалал-Абад шаарын өзгөртүү боюнча 7 багыттан турган программасында шаардын бюджетин көбөйтүү боюнча пландары бар. Жалал-Абад шаарынын бүгүнкү күндөгү бюджети 325 млн. сом болсо, аны жакынкы беш жылда 1 миллиард сомго жеткирүүнү көздөп жатышат. “Бүгүнкү шаар бийлиги ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатат. Жаңы шайланган депутаттар шаарыбыздын экономикасын жогорулатуу менен тим болбостон, чакан, кичи ишканаларды түзүү менен миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө белсенип киришебиз!”, - дешти партиянын талапкерлери.
Партиянын алдыңкы тизмесинде шайлоого биринчи жолу катышып жаткан талапкер, Жалал-Абад медициналык колледжинин дарыгер-мугалими Упель Парханова эмне себептен бул партияны тандап алгандыгын төмөндөгүчө айтып берди:
- Мен шаардык кеңешке шайлоодо “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясын тандап алганымдын себеби, бул партиянын лидерлери мага жагат. Алар өтө күчтүү, тайманбаган, эч нерседен коркпогон, мындайча айтканда ачык сүйлөгөн балдар. Мен ушуларга окшоп, эч нерседен коркпой, тайманбай, эл үчүн таза иштегим келет. Булар менен иштегенге болот деп, “Ата-Журт” партиясын тандап алдым, - дейт шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Упель Парханова.
Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес, билим берүү академиясынын 3-курсунун студенди Ирсалиев Кубанычбек: - Биз жаштар “Ата-Журт” партиясына ишенебиз, шайлоодо колдоп беребиз. Бул партия жакшы иштерди алып барышып, жаштарды колдоп келе жатышат. Жаштардын да кебин угуп, бүгүнкүдөй форумду өткөрүп беришүүдө. Бүгүнкү форум жакшы өттү. Бизге жакты, биздин ой-пикирлери угушту. Ортодо жакшы идеялар айтылды, шайлоодо “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясын колдоп беребиз!
Жаштар форумуна катышкан студенттер “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын талапкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, шайлоодон кийин, жогоруда айтылган убадаларды аткарууну колго алышып, тизмедеги жаштарды колдоп, сөзсүз түрдө депутаттык мандат берүүнү эстен чыгарбай, жаштарды унутта калтырбай, ар дайым колдоого алышын эскертишип, шайлоодо жеңишке жетишип, топ жарышта утуп чыккыла деген каалоо-тилектерин билдиришти.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”
Буйрутма “Ата-Журт” саясий мекенчил партиясынын шайлоо фондунан, “Ата-Журт” СПнын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Матисаков тарабынан төлөндү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24