Трамп президенттик мезгилинде бизнесин калтырарын билдирди
Ал мындан ары мамлекетти башкарууга баш-оту менен киришет. “15-декабрда Нью-Йоркто балдарым менен маалымат жыйынын өткөрүп, анда бизнести толугу менен калтырып, Американы кайрадан улуу кылууга киришерим жөнүндө сөз болот” деп жазды Трамп 30-ноябрда Твиттердеги баракчасына.
“Мени бизнес-операциялардан четтеткен укуктук документтер толугу менен даярдалды” деп кошумчалады Трамп.
CNN билдиргендей, Трамп 500дөй компанияны жетектейт, көзөмөлдөйт же башкарууга катышат. Алардын ичинен 150дөйү чет өлкөлөрдө иштешет. Трамп Forbes рейтингинде 475 орунда турат. Анын байлыгы 4 миллиард доллар деп бааланат.
Дональд Трамп президенттик кызматка январь айында киришет. Анын чоң балдары бизнес-империясын башкармакчы. Дональд Трамп ошондой эле "Голдман Сакс" банктын мурунку аткаруучу директору Стивен Мнучин финансы министрлигине, миллиарддер Уилбур Росс соода министрлигине көрсөтүлгөнүн 30-ноябрда кабарлады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









