Жалал-Абадда СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш өткөрүлдү
Кечээ, 1-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясы жана жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучуларынын катышуусунда шаардагы Ленин, Ж.Бакиев көчөлөрүнөн Эркиндик аянтына чейин “Биз СПИД илдетине каршыбыз” деген чакыруулар менен жөө жүрүш өткөрүлдү. Бул боюнча Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.
Анын айтымында, СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата шаар калкына жана жаштарга бир канча түшүндүрүү иштери кароо-сынак акциялар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен бүгүн мектеп окуучуларынын жана студенттердин катышуусунда “Биз СПИД илдетине жана баңги заттарга каршыбыз” аттуу ураандар астында жөө жүрүш өткөрүштү.
- Жөө жүрүштүн соңунда Эркиндик аянтында чогулган жаштарга концерттик порограмма коюлуп областтык СПИД илдетине каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери тарабынан бул оору боюнча жаштарга суроолор берилип, оору аны алдын алуу боюнча берилген суроолордун негизинде көптөгөн маалыматтар берилди. Суроолорго туура жооп берген окуучу, студенттерге аталган борбор тарабынан бир катар сыйлыктар тапшырылды, - дейт А.Раматиллаева.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38