KELECHEK
rek

Ошто С.Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтүп жатат

Ошто С.Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтүп жатат

Кечээ, 30-ноябрь кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча Кыргызстандын кубогунун ачылуу аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош ШИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошев, С.Чокморовдун бир туугандары, фонддун өкүлдөрү, ошондой эле спорт күйөрмандары катышты.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров таланттуу актёрдун элесине арналган волейбол боюнча турнир жылда уюштурулуп тураарын айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.

“Улуу инсан, кино актёр Сүймөнкул Чокморовду эскерип, бүгүн анын талантына таазим кылып олтурабыз. Биз залкарларды унутбай, аларды ар дайым эстеп спорттук  иш-чараларды өткөрүп турганыбыз жакшы жышаан. Ош шаарынын мэриясы демилгелүү иштерди колдогонго дайым даяр. Ал эми Республиканын жети дубанынан чогулган баардык оюнчуларга ийгилик каалайм. Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча турнир экинчи ирет өтүп жатат, келечекте жылда уюштурулат деп  ишендирип кетем”,- деди З.Аскаров.

Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча волейбол федерациясынын президенти, Ош ШИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошев байге фонду 200 миң сом экендигин билдирди. Ошондой эле, биринчи орунга Кыргызстандын кубогу ыйгарылып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлана тургандыгын кошумчалады.

Айта кетсек, волейбол боюнча республикалык турнир 30-ноябрдан 4-декабрга чейин “Газпром” жана “Коңурат” спорт комплекстеринде уланат. Жалпысынан өлкө боюнча 8 волейбол клубу катышууда. Волейбол боюнча Кыргызтандын кубогу Ош шаарынын жана Ош облусунун Волейбол Федерациясы, Ош шаарынын мэриясы жана шаардын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...

СПОРТ 2016-05-14  09:30