KELECHEK
rek

Жалал-Абадда ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүдө коомчулук да активдүү тартылат

Жалал-Абадда ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүдө коомчулук да активдүү тартылат

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында «ВИЧ/СПИД илдети менен жабыркаган шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана аларга социалдык колдоолорду жакшыртуу» аталышындагы тегерек стол өткөрүлүп, анда шаар тургундарынын арасында илдетке чалдыккандар улам көбөйүп баратканы айтылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, тегерек столго шаар жетекчилиги, ар кайсы тармактардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара шаарда жарыяланган ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн “Адам укуктарынын жалпы жеткиликтүүлүгү” урааны менен жарыяланган бир айлыгынын алкагында уюштурулду. 

Жалал-Абад облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Элмира Сатарова тегерек столдун катышуучуларына ВИЧ/СПИД илдетинин шаарда жана дүйнөдө жайылып бара жатканы тууралуу кеңири маалымат берип, коомчулукту мындай терс көрүнүштөрдөн кантип сактап калуу маселеси кеңири талкууга алынды.

- Жалал-Абад облусу боюнча айтсам, бул илдет менен 781 адам катталса, анын ичинен эң көп катталгандар Жалал-Абад шаарында. Башкача айтканда, шаар  боюнча 329 адам бул илдетке чалдыккан. Кан жана баңгизат аркылуу жуктуруп алгандар көп болууда. Буга каршы күрөшүү максатында көп иш-чаралар жүрүүдө, атайын түшүндүрү иштерин да жүрүп жатат, - деди ал.

Талкуу учурунда эмне үчүн шаарда илдетке чалдыккандар көбөйүп жатканы, ага каршы кандай чаралар жүрүшү керектиги, шаардыктар бул илдет тууралуу эмнелерди билиши зарылдыгы кеңири айтылды. Ошондой эле, бул коркунучтуу илдетке каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартуу зарылдыгы белгиленди.

Эскертке кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругу менен 1-ноябрдан 1-декабрга чейин ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланып, өткөрүлүүчү иш-чаралар планы бекитилген. Ал эми 1-декабрь күнү шаарда коомчулуктун катышуусу менен массалык жөө жүрүш өткөрүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13