А.Аманова: “Күйөөсүнөн запкы жеген келинге социалдык жардам көрсөтүү каралып жатат”
Күздүн жаандуу күндөрүндө эки баласын ээрчитип, өтүп бара жаткан адамды үмүттүү карап, чындык издеп жүргөн келинди биринчи жолу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынан чыгып келе жатканда жолуктуруп, ошондо менден кайсы жерде иштээримди сураган болчу...
Арадан бир нече күн өткөндөн кийин, экинчи жолу аны кайрадан КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө көрүп калдым. Ал күйөөлөрүнөн запкы тартып келе жаткандыгын жана экинчи күйөөсү баласын ур-токмокко алганын, баласына алимент төлөөдөн качып жүргөндүгүн айтты. Бул жолугушуудан кийин, ал келин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменин) наамына арыз менен кайрылып, чындык издеп жүргөндүгүн билдим.
Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн 114\19 тургуну Култаева Айгүл Абдимаматовна КР Акыйкатчысына арыз менен кайрылып, 2009-жылы 12-август саат 21.00 чамасында мурдакы күйөөсү Аттокуров Молдалы уруп, бычак менен сайып, денесине жаракат келтиргенин, акчасын жана башка буюмдарын уурдап кеткен фактысы боюнча эч кандай чара көрулбөй жатканын айтып, жардам сураган. А.Култаева экинчи арызында 2015-жылы 21-июнь күнү экинчи күйөөсү Дженалиев Каныбек Тыныбекович уулу Бабаназаров Сыймыкты уруп, денесине жаракат келтирген фактысы боюнча эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып, жардам сураган.
КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алима Аманованын берген маалыматына караганда, күйөөлөрүнөн запкы жеген А.Култаеванын арыздары 26.04.2016-жылы №1-81 жана 1-82 кириш сандары менен катталып, аткарууга берилген. А.Аманова бул иш боюнча аткарылган иштер боюнча төмөндөгүдөгүлөрдү айтып берди:
- Арыз боюнча Жалал-Абад шаардык ИИБнүн жетекчисинин тергөө боюнча орун басары Шадыканов Нурлан, кылмышкерлерди издөө боюнча орун басары Юсупов Медер жана кылмышкерлердии издөө бөлүмүнүн инспекторлору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 2009-жылы 12-август түнү Аттокуров Молдалы Култаева Айгүлдү уруп, денесине жаракат келтиргени боюнча 26-март 2010-жылы кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми 26-октябрь 2015-жылы Жалал-Абад шаардык сотунун Токтому менен баш коргоо чарасы –камака алуу тандалган. 27-октябрь 2015-жылы Жалал-Абад ШИИБнүн Токтому аркылуу издөө иши ачылган. Учурда издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Аттокуров Молдалы Бабаназарович кармалса кылмыш иши жандандырылат.
Азыркы учурда Жалал-Абад ШИИБнүн дээрлик курамы өзгөргөн, тергөө бөлүмүндө ал кезде иштеген тергөөчүлөр жок. Кылмыш иши 2010-жылы 26-март күнү козголгон, андан 10 күндөн кийин “революция” башталган, этникалык башаламандыктар орун алып, милициянын бардык кызматкерлери тартип сактоого тартылган. Ал эми бардык эле кылмыш иштери калып калган. Кийинки жылдары да 2010-жылдагы окуялардын кесепеттерин иликтөө, тергөө менен алек болушкан.
Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлери тарабынан алимент өндүрүү аткаруу барагы Аксы райондук сот аткаруучулар кызматына жиберилген, алар издөө иштерин алып барышууда.
Азыркы убакта тиешелүү иш-чаралар кылмыш ишинин алкагында жана алимент өндүрүү иши боюнча аткарылган, кылмышка шектүү киши кармалганча кандайдыр процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү талап кылынбайт.
Өткөн жылы 21-июнь 2015-жылы экинчи куйөөсү Дженалиев Каныбек баласы Бабаназаров Сыймыкты уруп, денесине жаракат келтирген факты боюнча 19 -сентябрь 2015-жылы кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖК 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункутунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. 25-ноябрь 2015-жылы Жалал-Абад ШИИБнүн Токтому аркылуу издөө иши ачылган. Жалал-Абад шаардык сотунун 25-сентябрь 2015-жылдагы Токтому менен баш коргоо чарасы камакка алуу тандалган. Азыр издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок, Дженалиев Каныбек табыла элек. Ал Россия Федерациясында деген маалыматтар бар. Дженалиев Каныбек кармалса кылмыш иши жандандырылат.
Ошондой эле, Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызматында баласына берүүгө милдеттүү каражат-алимент өндүрүү аткаруу барагы боюнча карызкор Дженалиев Каныбек изделип, табылбаган. Жалал-Абад шаардык сотунун 26-февраль 2016-жылдагы аныктамасы менен карызкор К.Дженалиевке издөө жарыяланган, издөө Жалал-Абад ШИИБнө тапшырылган.
Азыркы убакта тиешелүү иш-чаралар клымыш ишинин алкагында жана алимент өндүрүү иши боюнча аткарылган, кылмышка шектүү киши кармалганча кандайдыр процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү талап кылынбайт. Текшерүү учурунда Култаева А. өзү да уулун сабагандыгы жөнүндө маалымат алынды, шаардык прокуратурага милиция тарабынан материалдар берилди.
Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармасына кат жолдоп, бөлүм башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүлдү, алар тарабынан бул үй-бүлө көзөмөлгө алынып, жардамдар берилээри убада кылынды. А.Култаева үй-бүлөсүндөгү абал Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы өспүрүмдөр иштери боюнча комиссиясында каралып, баласын интернатка орнотуу чечилген.
Учурда үй-бүлөлүк зомбулук белгилери боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы иликтөө иштерин алып барууда. Арыз ээси А.Култаева менен ангемелешүү жүргүзүлүп, анын укуктары түшүндүрүлдү, Акыйкатчы тараптан жүргүзүлгөн иштер билдирилген.
“Өкүлчүлүктүн аракети менен А.Култаева айыпталуучуларды (мурдакы күйөөлөрү, алимент төлөөчүлөр) издөө жандандырылды, үй-бүлөсү көзөмөлгө алынып, социалдык жардам көрсөтүү каралып жатат. Айыпталуучулар чет өлкөгө чыгып кетишкен убакта издөө иштери факт жүзүндө токтоп калат, тийиштүү тарапка кат жолдоо менен чектелет. Издөө иштери боюнча мониторинг жана анализ жүргүзүп, сунуштарды берүү актуалдуу деп ойлойбуз”, - дейт А.Аманова.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









