Жалал-Абад шаардык мэриясы менен ЖТРК кызматташуу келишимин түзүштү
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы маалымат борбору менен Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ЖТРК) 2017-жылы ресурстарды чогуу пайдалануу менен коомчулукка маалымат таркатуу жаатында биргелешип аракеттенишет. Кечээ, 30-ноябрда өз ара кызматташуу меморандумуна эки тараптан кол коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, маалымат борбору бир жыл мурда Жалал-Абад шаарынын муниципалдык маалымат саясатын жүргүзүү максатында түзүлгөн. Кийинки жылы калкка маалымат таркатуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн ЖТРКге сунуштар берилген, анын натыйжасында тараптар өз ара кызматташууга макул болушту.
- Бул кызматташуу биз үчүн абдан маанилүү, анткени биз маалымат таркатуу жагынан өнөктөштөр менен жаңыча иш алып барууга кызыкдарбыз. Эң маанилүүсү, маалымат борбору менен ЖТРК өздөрүндө болгон ресурстарды чогуу пайдалануу менен атайын долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу коомчулукка зарыл эсептелген маалыматтарды кеңири таркатууга жетишмекчибиз. Бул биздин ишибиздеги жаңы багыт болуп калат, - дейт ЖТРКнын башкы директору Тургунбай Алдакулов.
Ал эми шаардагы маалымат борборунун директору Жалил Сапаров бул долбоор айрыкча чыгармачылык ресурстардын күчтөнүшүнө өбөлгө болот деп эсептейт.
- Бизде продакшн студиясы бар, анда жаш чыгармачыл күчтөр иштешет. Ушундай эле жаштар ЖТРКда бар. Биз атайын долбоорлор менен алардын чыгармачылык жагынан өсүүсүнө шарт түзөбүз. Бул эки тараптуу жакшы өнөктөштүк болот, - дейт ал.
Өз ара кызматташуу меморандуму 2017-жылдан башталмакчы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13