KELECHEK
rek

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу иликтенүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу иликтенүүдө

Тажикстан талаштуу чек арага тажик чек арачылары кирип келип, эскертүү иретинде асманга ок чыгарганын четке какты. Окуя 28-октябрь күнү Баткен облусунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде болгон.

Тажикстандын 3-ноябрда тараткан расмий билдирүүсүнө караганда, тажик чек арачылары өз аймагында жүргөнүнө карабай, кыргыз чек арачылары алардын автоунаасын токтоткон. Белгисиз себептерден улам чыр чыгып, унаа Кыргызстан аймагына жашынууга мажбур болгон. "Кыргыз чек арачылары 16 жолу асманга ок чыгарган",- деп айтылат билдирүүдө.

Ага жооп кылып тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга үч жолу ок аткан. Окуя учурунда эч ким жабыркаган эмес.

Кыргызстандын чек ара кызматы окуя болгондон кийин эки тараптын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнүн маалымдады. Жыйынтыгында чыр-чатактын себептерин иликтөө чечими кабыл алынды. Ошол эле маалда кыргыз чек арачылары шарттуу линияга 50 метр жетпеген аралыкта такталбаган чек араны кайтарууну улантат. Бул арада Тажикстан чек арачыларынын кыймылдарына чектөө киргизилет. Аларга шарттуу линияга 100 метр жакындоого тыюу салынат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...