Жалал-Абад шаарында иштеген таксист кардарын өлтүргөндүгү үчүн камакка алынды
Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Сузак РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылы аркылуу өткөн Жалал-Абад-Казарман автожолунун четинде Үрүмбаш токой чарбасынын экологиялык постунан Жалал-Абад шаары тарапты карай 300 метр аралыкта белгисиз азият улутундагы аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги астында Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнүн ыкчам-тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда, Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылы аркылуу өткөн Жалал-Абад Казарман автожолунун 43-чакырымына барган учурда, жолдун чыгыш тарабында, 20 метр аралыкта ылдый түшкөн аңда (колот) өздүгү аныкталбаган азиат улутундагы жашы болжол менен 25-28 чамаларындагы аял кишинин денесинде жарааттары бар жансыз денеси табылган.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, окуя болгон жерге атайын каражаттарды колдонуу менен кароо жүргүзгөн учурда аталган аял кишинин бетинин мурун бөлүгүндө, оң көзүнүн үстүндө жана оң каптал бешене бөлүгүндө жарылган дене жаракаттары бар экендиги аныкталган.
Ошондой эле аталган өздүгү аныкталбаган аял киши жашыл түстөгү кыска куртка, боз түстөгү футболка, кара спорттук шым жана кыска сапошка кийген абалда экендиги аныкталып, курткасынын чөнтөгүнөн кол телефону, ничке (дамский) тамекиси табылып алынган.
“Мындан сырткары, өлүк сөөктүн айланысынан 1 даана автоунааны жуу үчүн колдонуучу кайыш чүпүрөк (тряпка) жана 1 даана кадимки алма табылып алынды. Бул факты боюнча аталган аял кишинин жансыз денесининс өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын жыйынтыгында, ал Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1990-жылы туулган А.Д. экендиги аныкталды”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
А.Днын жансыз денесине анын өлүмүнүн себебин жана денесинен алынган жаракаттарынын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза жана тийиштүү башка экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетинин иизин суутпай ачуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, КР КЖКнын 97-берененин (адам өлтүрүү) 2-бөлүм 6-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иштин изин суутпай ачуу максатында тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен биргелешкен ыкчам тобу түзүлүп түрдүү версиялар менен жумуш алып барылып, бир топ күбөлөрдү, жетиштүү далил материалдарды чогулткан.
Бул кылмышка шектүү катары айдоочунун катыштыгы бар экендиги аныкталып, жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттердин натыйжасында окуядан бир күн өтпөстөн кылмыш изин суутпай түнкү саат 04-00до кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунун тургуну 1989-жылы туулган И.Аны кармашкан.
Ал Жалал-Абад шаарындагы белгилүү такси тейлөө кызматында өзүнүн Хонда Фит автоунаасы менен таксист болуп иштеп жүргөн. Өз көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, кылмыш ишин спирт ичимдигин ичип, мас абалда өз ара жаңжалдашуудан улам жасагандыгын айтып билдирген.
Башкача айтканда, чырдын себеби кылмышка шектүүнүн айтымында төмөндөгүчө болгон: 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү такси кызматында иштеп жаткан учурда аталган кыз шаардын борборунан мас абалда колундагы сумкада 1 арак, 1 желим баштыктагы сүзмө суусундук көтөрүп чыгып шаардын Спутник шаарчасына жеткизүүнү өтүнгөн. Алып барган учурда андан ары Көк-Арт кичи шаарчасына жеткизүүнү талап кылган. Алар өз ара сүйлөшүп аракты автоунаада ичип, кийин таксист да арак алып чогуу ичишет. Мастыктын арты менен экөө жыныстык катнашта болуп, кийин кыз атайылап провокация жаратып чыр чыгарган. Таксист жигит кыздын бетине урганда кыз жыгылган жана кыздын башын тепкилеп башын жарып койгон. Кыз эс учун жоготкон соң Хонда Фит үлгүсүндөгү авто унаанын артына салып таксист таң аттырбай түн ичинде кылмыш ишин жашыруу максатында өлүк денени шаардын чет тарабына ээн талаага алып барып таштап коюп, иизин жашырып качып кеткен.
“Шектүү катары таксист А.И. учурда КР КЖКнын 94-беренеси менен Сузак РИИБнүн УКИне (убактылуу кармоо изоляторуна) киргизилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56