Өлкөдө балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жаза күчөтүлдү
Президент Алмазбек Атамбаев Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу, ден соолугуна зыян келтирүү, мазактоо жана өз жанына кол салууга жеткирүү үчүн каралган жазалар күчөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Документке тиркелген негиздеме-маалымкатта балага ырайымсыз мамиле кылуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине анын ата-энеси же аны тарбиялоо милдети жүктөлгөн адамдын тартыла тургандыгы жазылган. Алсак, жашы жете элек баланы өз жанын кыюуга чейин жеткирүү, ырайымсыз мамиле жасоо же мазактоо үчүн 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Ушундай эле кылмыштар ымыркайларга карата жасалган болсо, күнөөлүлөр 3 жылдан 7 жылга чейин камалышат.
Ошондой эле баланын өмүрүнө коркунуч жараткан же оор кесепеттерге алып барган зыян келтирүүлөр үчүн 6 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Өмүргө коркунуч жаратпаган зыян келтирүүлөр үчүн 40 миңден 70 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айып төлөтүү же 2 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган. Ошондой түрдүү жагдайларга жараша 3 жылдан 5 жылга чейин да соттолушу мүмкүн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









