Назарбаев: Астананын аталышын өзгөртүү зарылдыгы жок
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «Орусия 24» телеканалына курган маегинде Астананын аталышын өзгөртүүгө каршы экенин билдирди.
"Бул – бренд. Анын аталышын өзгөртүүнүн кажети жок. Астанада 21-кылымда биринчи жолу ЕККУнун саммити өтүп, шаар Азия кышкы оюндарын кабыл алган. Эми ЭКСПО-2017, дүйнөлүк салттуу диндердин съезддери өткөнү турат. Анын бардыгы Казакстан менен байланыштуу, бирок бардыгында «Астана» деген аталыш айтылып жүрөт. Аны өзгөртүүгө кандай зарылчылык бар?", - деди Назарбаев.
Өткөн аптада депутаттар президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын баш калаанын аталышы жана башка маанилүү объектилерде чагылдырууну сунуш кылышкан. Айрымдары Астананы Назарбаев же Елбасы деп өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн. Парламентарийлер ошондой эле Астанада “Тауелсиз Казакстан” деген монумент куруп, Назарбаевдин “мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын” Конституцияда белгилөөнү туура көрүшөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









