KELECHEK
rek

Тажик ТИМи “Азаттык” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарды

Тажик ТИМи “Азаттык” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгарды.

Өкмөт мындай кадамга Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызынын министрликке ишке дайындалышы тууралуу жаңылыктан улам барды. Ага чейин министрлик өлкө башчынын кызы министрликке жумушка келгени тууралуу жаңылыкты өчүрүү талабын койгон. Мындай талапка көнбөгөн соң “Азаттыктын” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарган.

“Тажик өкмөтүнүн мындай кадамы бизди капа кылды”-деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент.

Президент Эмомали Рахмондун үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигине кызматка дайындалганы тууралуу жаңылык тышкы саясат мекемесинин сайтындагы маалыматка негизделип жазылган. Ошондой эле министрликтеги булактар да тастыктаган. Бирок буга карабай Тышкы иштер министрлиги радиого беш мүнөт ичинде кабарды өчүрбөсө Дүйшөмбүдө кабарчылардын аккредитациясы жокко чыгарылат деген шарт койгон.

Каттоосу жокко чыгарылган кабарчылар президенттин кызы тууралуу кабарды жазууга катышкан эмес.

Тажик бийлиги акыркы эки аптада “Азаттыктын” тажик кызматына экинчи ирет мындай талап менен кайрылды. Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин өз жарандары террордук коркунучтан улам Тажикстанга зыярат кылууну токтото турууга чакырган кабарды өчүрүүгө чакырган эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53