«Хизб ут-Тахрирдин» Кыргызстандагы аялдар канатынын башчысы кармалды
Ошто 33 жаштагы аялга «Ислам мамлекетинин» ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Ал тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун Кыргызстандагы аялдар түйүнүнүн жетекчиси экени да аныкталды. Адистер аялдардын радикалдашуусу тымызын кулач жайып бара жатканын белгилешүүдө.
33 жаштагы Шаира 2015-жылы жай айларында Сирияга баратат деген шек менен Ош-Стамбул каттамындагы учактан түшүрүлүп калган. Анда жарандарды Сирия жана Ирактагы согуштарга азгырып, жиберип жүргөн деп шектелип дагы үч адам кармалган. Шаира болсо ал иште күбө катары өтүп, далилдердин жоктугунан улам кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, Шаира ошондон бери укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болгон.
«Жакында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тыюу салынган ИМ тобунун жана «Таухид вал-Жихад» агымынын үгүт, чакырык баракчаларын таркатып жүргөн жеринен кармалган. Кармоо учурунда анын жанынан жана тинтүү мезгилинде үйүнөн тыюу салынган диний-экстремисттик адабияттар, дисктер табылган. Ал материалдар боюнча теологиялык экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусуна ылайык, 18-ноябрь күнү ага кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ал экстремисттик "Хизб-ут Тахрир" кыймылынын Кыргызстандагы аялдар канатын жетектеп келгени да аныкталган», — деди Сеитов.
КМШ уюмунун антитеррордук борбору акыркы жылдары аялдардын диний радикализмге берилүүсү 24% көбөйгөнүн маалымдоодо. Бул көрсөткүчтүн ичинде кыргызстандык аялдар да бар. Байкоочулар буга өлкөдө диний көз караштагы аялдар менен иш жүргүзгөн расмий уюмдар жоктугун себеп кылышууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56