Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы музыкалык мектеп 60 жылдык маарекесин белгиледи
Жалал-Абад шаарында 1956-жылдан баштап балдарга музыка жактан билим берип келе жаткан Глинка атындагы музыкалык мектеп 60 жылдык мааракесин чоң концерт берүү менен белгиледи. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, маарекелик салтанат Барпы атындагы драма театрында өтүп, ага облустун ар тарабынан коноктор катышты. Салтанатка келген көрүүчүлөр балдар тарабынан аткарылган музыкалык күүлөргө күбө болушуп, дүйнөлүк жана улуттук классикалык чыгармаларды угушту.
2014-жылдан бери аталган мектепти жетектеп келе жаткан Кымбат Бердалиеванын айтымында, бул мектеп миңдеген музыканттарды тарбиялап чыгарды.
- Азыркы учурда 320 бала музыкалык билим алса, аларга 25 мугалим талбай билим берип келет. Биздин мектепте элдик, классикалык жана теориялык болуп, үч бөлүм иш алып барууда. Бул жерден бүткөн окуучулардын бир тобу чет өлкөгө чейин аты угулуп, эмгектенип келе жатышат. Биздин балдар жыл сайын республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырышууда. Учурдан пайдаланып жергиликтүү шаардык бийликке, ата-энелерге көрсөтүп жатышкан колдоолору үчүн терең ыраазычылыгымды айтам, - дейт ал.
Салтанаттын жүрүшүндө ар кайсы деңгээлдеги жетекчилер, коноктор мектеп жамаатына куттуктоолорун айтышып, балдар менен кошо акылмандын жети шамын жагышып, жашообуз ар дайым жарык болсун деп ниет кылышты.
"Чоң концерт учурунда балдардын комузчулар ансамбли тарабынан чертилген Коргол Досуевдин “Ак бакай” күүсү залдагы меймандардын купулуна толуп, бүтүндөй зал ордунан туруу менен көпкө чейин кол чапты", - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы..
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29