KELECHEK
rek

Миллер менен Сечин Forbes журналынын жаңы рейтингинде алдыга чыгышты

Миллер менен Сечин Forbes журналынын жаңы рейтингинде алдыга чыгышты

Forbes журналы түзгөн тизмеге ылайык, “Газпром” башкармалыгынын төргасы Алексей Миллер экинчи жолу өтө жогору акча төлөнгөн Орусиядагы топ-менеджерлердин ичинен биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда “Ростнефтинин” башчысы Игорь Сечин турат.

Басылманын берген баасына караганда, 2015-жылы Миллер сый акы катары 17 миллион 700 миң доллар алган. Сечин болсо 13 миллион доллар тапкан. Буга чейин “Ростнефтинин” басма сөз катчысы Михаил Леонтьев Forbes журналынын берген баасын “сандырак” деп атаган. Үчүнчү катарды “Сбербанк” башкармалыгынын төрагасы Герман Греф толуктайт. Анын сый акысын Forbes 11 миллион доллар деп баалаган.

ВТБ банкынын президенти жана башкармалыктын төрагасы Андрей Костин өткөн жолу экинчи орунда болсо, бул сапар рейтинг тышында калды. Forbes анын сый акысынын көлөмүн атаган жок, себеби банк маалыматтарды берген эмес.

Журналдын рейтингине 25 топ-менеджер киргизилген. 2016-жылкы тизмеде Орусия темир жол компаниясынын мурдагы башчысы Владимир Якунин, "Русгидронун" мурдагы жетекчиси Евгений Дод, "Башнефтинин" мурдагы башчысы Александр Корсик жок.

Журнал белгилегендей, тизмеде көрсөтүлгөн бардык топ-менеджерлердин сый акысы жыл ичинде жалпы жонунан бир жарым эсеге кыскарып, 147 миллион долларды түзгөн. Басылма бул рейтингди беш жылдан бери аныктап келет, бул аралыкта төлөмдөр 2,3 эсеге төмөндөгөн, рубль дагы дал ушундай көрөткүчтө кунун жоготкон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...