KELECHEK
rek

Казакстанда зомбулук курмандыктары «Унчукпай койбо» кыймылына биригишүүдө

Казакстанда зомбулук курмандыктары «Унчукпай койбо» кыймылына биригишүүдө

24-ноябрда Астанада Казакстандагы сексуалдык зомбулук көйгөйлөрүнө арналган жыйын өттү. Ага мажилистин депутаттары, эл аралык уюмдардын, коомдук биримдиктердин өкүлдөрү менен катар сексуалдык зомбулуктун курмандыктарынын өзүлөрү да катышты.

Алматы облусунун Есик шаарынын жашоочусу Жибек Мусинова топ адамдын зордуктоосуна кабылгандыгы тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу билдиргенден кийин коомчулукка белгилүү болуп калган. Азыр болсо ал «Унчукпай койбо» деп аталган жарандык кыймылдын үч түзүүчүсүнүн бири.

Аталган кыймылдын жетекчиси Дина Смаилованын айтымында, 17-августта ага Жибектин апасы Гүлбадар Мусинова жардам сурап кайрылып, үй-бүлөлүк майрам маалында төрт киши кызын уурдап барып зордуктаганын айткан. Гүлбадар Мусинова жергиликтүү полиция шектүүлөрдү камакка алуунун ордуна аларды кое берип койгонун билдирген. 19-августта интернет колдонуучулар Мусинованын видеокайрылуусун көргөндөн соң окуя коомдук резонанс жаратып, шектүүлөрдүн бардыгы кармалган.

«Учурда «Унчукпай койбо» элдик кыймылы сексуалдык зомбулукка байланышкан сегиз сот отурумуна катышып жатат. Мен өз тажрыйбамдан улам полиция медэксперттер жана травмотологдор менен сөз байлашып аларын жакшы билем. Бул толугу менен коррупциялашкан схема, мисалы, травмотолог ур-соккунун кесепеттерин жеңил кылып көрсөтүп коет. Полиция болсо жабырлануучуларды элдешүүгө көндүрүүгө аракет кылып, кийин кылмышкер полиция менен медэксперттерге акча берип кутулуп кетет», — дейт Дина Смаилова

Азыркы тапта «Унчукпай койбо» коомдук кыймылынын курамында Казакстандын түрдүү шаарларынан 30дан ашык активист бар. Алардын көбү өздөрү сексуалдык жана турмуштук зомбулуктарга туш болгон аялдар. Кыймылдын жетекчиси Дина Смаилова да жаш кезинде топ адамдын зордуктоосуна кабылган. «Мен айтуудан коркпойм» жана «Унчукпай койбо» акцияларынын алкагында ал жашырып жүргөн сырларын ачыкка чыгарып, көптөгөн аялдар ага колдоо сөздөрү жазылган каттарды жөнөтүп башташкан. Андан соң анда аялдарга жардам бере турган кыймыл түзүү идеясы пайда болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13