KELECHEK
rek

Европарламент орусиялык пропаганда тууралуу резолюция кабыл алды

Европарламент орусиялык пропаганда тууралуу резолюция кабыл алды

Европа парламенти Орусия менен «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө каршы багытталган пропагандасына туруштук берүү резолюциясын кабыл алды.

Польшалык депутат сунуш кылган долбоорго ылайык, орус бийлиги Russia Today (RT) жана "Спутник" агенттиги өңдүү маалымат каражаттары, Россотрудничество, "Орус дүйнөсү" фонддору аркылуу Евробиримдиктин аймагында айрым күчтөргө таасир этүү максатында үгүт иштерин жүргүзүүдө. Муну менен биримдиктин жашоочулары арасында чыгыш кошуналары, анын ичинде Украина тууралуу терс пикир жаратууну көздөшүүдө.

Ошондой эле резолюция долбоорунда бул үчүн интернет жана социалдык түйүндөрдө атайын уюштурулган адамдар кеңири колдонулганы айтылат. Биримдиктин өлкөлөрүнө орусиялык пропагандага туруштук берүү аракеттерин бириктирүү сунуш кылынат.

Документти 304 депутат колдоду. Каршы пикирин 179у билдирди, дагы 208и калыс калды.

Орусия президенти Владимир Путин Евробиримдиктин резолюциясын "саясий артка кетүүнүн далили» деп атап, RT жана Sputnikтин кызматкерлерин «жыйынтыктуу иши» менен куттуктады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12