KELECHEK
rek

Де Мистура: Алепподогу абал Трамптын инаугурациясына чейин начарлап кетиши мүмкүн

Де Мистура: Алепподогу абал Трамптын инаугурациясына чейин начарлап кетиши мүмкүн

Сириянын өкмөттүк армиясы Дональд Трамп АКШ президенти кызматына киришкенге чейин Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларына жаңы чабуулдарын башташы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура билдирди. Кошмо штаттардын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы 2017-жылдын 20-январында болот.

Де Мистуранын айтымында, Дамаскты мындай кадамдарга Сирия өкмөтүн колдоп жаткан Москва менен мамилелерди жакшыртууга даяр экендиги тууралуу айткан Трамптын билдирүүлөрү түртүшү мүмкүн.

Буга чейин Де Мистура эгер аба соккулары улана берсе декабрдын соңуна карата Алеппонун чыгыш бөлүгү толугу менен жок болушу мүмкүндүгүн билдирген. Ал шаарды бомбалоону токтотууга жана Сириянын келечеги тууралуу саясий талкууларды баштоого чакырган.

Алеппо өкмөттүк күчтөр менен оппозиция отряддары ээлеп турган бөлүктөргө бөлүнгөн. Сирия президентинин армиясы орусиялык авиациянын жардамы менен көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондорго аба соккуларын жасап жатат. Батыш өлкөлөрү жарандык объектилердин бомбаланып жатканын билдирип, Орусияны бир канча жолу айыптагандан кийин Москва аба соккулары токтогонун айтып, бир нече жолу гуманитардык тыныгуу жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52