Жалал-Абад облусутук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн семинар өткөрүлдү
Кечээ, 24-ноябрда Жалал-Абад шаарынын «Мөл-Мөл» мейманканасынын конференц-залында «Лигал просперити» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын кызматкерлери үчүн семинар өткөрдү.
«Лигал просперити» коомдук фондунун берген маалыматына караганда, семинар кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну көзөмөлдөө жана тергөө чөйрөсүндө прокуратура кызматкерлеринин билимин өркүндөтүүгө жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.
КР Башкы прокуратурасынын жана Кыргызстандын Кыйноолорго каршы ӨЭУларынын коалициясынын маалыматтары боюнча кыйноолорду колдонуу жана аларды тергөө маселеси азыр да актуалдуу бойдон кала берүүдө. Кыйноолор ырайымсыздыктын белгилүү бир даражасында колдонулат жана коомдук коркунуч болуп эсептелет, анткени кыйноолор адамдын ден соолугуна, психикасына зыян келтирип, керек болсо өмүрүнө кол салат. Кыйноолор латенттүү кылмыштардын тобуна кирет, ошондуктан аларды тергөө жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу өтө кыйын.
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун маалыматтары боюнча 2015-жылы алардын кызматкерлери тарабынан кыйноолор жөнүндө жарандардын 199 арызы түшкөн.
Семинардын программасы 2015-жылы Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалиция долбоорунун алкагында КР Башкы прокуратурасынын прокурордук кызматкерлеринин кесиптик даярдоо борбору тарабынан иштелип чыккан кыйноолорду тергөө тактикасы жана методикасы боюнча практикалык окуу куралынын негизинде түзүлөт. Программа өзүнө Кыргыз Республикасынын кыйноолордун алдын алуу жана бул кылмыш менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык-укуктук милдеттенмелери, кыйноолор колдонулгандыгы тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү кароо өзгөчөлүктөрү, кыйноо фактылары боюнча кылмыш-жаза иштерин тергөө методикасы, Стамбул протоколунун принциптерине ылайык кыйноолорду натыйжалуу тергөө ж.б. темаларды камтыйт.
Эксперттер катары КР Башкы прокуратурасынын кызматкерлери жана “Лигал просперити” коомдук фондунун адистери иш алып барышат.
Семинардын натыйжасында катышуучулары алынган билимдерди практикада колдоноору күтүлүүдө, ушунун өзү кыйноолор фактылары боюнча кылмыш-жаза иштерине карата көзөмөлдүн жана тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатат.
Семинар “Лигал просперити” коомдук фонду тарабынан 2016-жылдын 1-мартынан тартып турмушка ашырылып жаткан “Прокурордук кызматкерлердин потенциалын күчөтүү аркылуу кыйноо фактыларын мурдагыдан да натыйжалуу тергөөгө жетишүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Бул иш чара - Европалык Биримдик тарабынан каржылануучу жана “Сорос-Кыргызстан” фонду менен Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициянын “Кыйноолорду жана катаал, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлоо мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук аракеттерди бириктирүүдө жана Кыргыз Республикасында жазасыздыкка каршы күрөшүүдө колдоо” аттуу биргелешкен долбоорунун курамындагы бир бөлүк.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









