KELECHEK
rek

Өлкөдө экстремисттердин интернет аркылуу азгырыгы күчөдү

Өлкөдө экстремисттердин интернет аркылуу азгырыгы күчөдү

Жаштарды террордук топторго социалдык түйүндөр аркылуу азгыруу уланып жатканы айтылууда. ИИМдин 10-бөлүмү мындай азгырууларга каршы атайын кибер кылмыштар менен күрөшүүчү топ иштеп жатканын белгилөөдө. Адистер кыргызстандыктар көп кирген Фейсбук, Одноклассники сайттарында экстремисттик деп таанылган "Хизб-ут Тахрир", "Ислам мамлекети" топторунун катарына азгырып, алардын ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырган баракчалар тынымсыз иштеп жатканын белгилешүүдө.

Фейсбук баракчасындагы “Хизб-ут Тахрир Түркистан” деген баракча маалыматтарын жалаң кыргыз тилинде таркатат. Баракча күнүмдүк окуялар тууралуу кабарларды уюмдун максатына ылайыктап даярдайт. Алсак, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына электр жарыгы жок отурган жаңы конуштун тургундары нааразылык акциясын уюштуруп, электр энергиясына туташтыруу талабын коюшту. Бул маалыматты аталган баракча "ислам дини өкүм сүргөн убакта электр энергиясы ар бир жарандын үйүнө жеткирилип, өз баасында гана сатылат" деген үгүт сөздөрү менен кошо берди.

Террордук жана тыюу салынган экстремисттик топторго жаштарды тартуу социалдык тармактарда ачык эле жүрүп жатканын Орусияга тиешелүү Вконтакте жана Одноклассники сайттарынан да көрүүгө болот. Мисалы, Одноклассники сайтында түрдүү тилдерде мусулмандарды жихадга чакырган баракчалар өкүм сүрүп келет.

Диний радикалдашуу жаатында изилдөө жүргүзүп келген Орусия ИИМ академиясынын докторанты Бакыт Дубанаевдин айтуусунда, террорчуларга катардагы сабатсыз согушкерлерден тартып, кесипкөй адистерге чейин керек. «Ал жакта аябай дасыккан психологдор отурушат. Алар өздөрүнө керектүү адамдарды социалдык тармактардан иликтеп, табышат да, түрдүү жолдор менен аларды азгырышат. Террорчуларга курал кармап согушууга жарай алган сабатсыз согушкерлерден башка, сабаттуу, динди да, демократияны да жакшы билген адамдар да керек. Мисалы, аларга 2013-14-жылдары мунайды казып, кайра иштетүүнү өздөштүргөн адистер зарыл болуп, аларды да оңой эле таап алышты», - деп эсептейт ал.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун билдиргени боюнча, мекеменин 10-башкаралыгында атайын киберкылмыштар менен күрөшүүчү бөлүм бар. Ал бөлүм аркылуу тыюу салынган топтордун ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп, алардын ачкан сайттары, баракчалары жабылып, жок кылынып турат. Бирок көбүнчө кайра эле сайт түзүп, Кыргызстандан тыш жактан туруп алып, ишмердүүлүгүн уланткан учурлары көп болууда.

"Эгер андай сайттардын модераторлору Кыргызстандын аймагында болсо алардын кайсыл жерде экенин аныктап, тиешелүү чараларды көрүү мүмкүндүгү бар. Бирок көбчүлүк учурларда алар чет өлкөлөрдө туруп алып иштешет, өз кезегинде бул бөлүмдүн ишин оорлотуп, сайттарды жабуу мүмкүн болбойт. Андай учурларда сайттын контентинин биздин өлкөдө жайылбашы үчүн чаралар көрүлөт», - деп кошумчалады ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13