Астанага Назарбаевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда
Парламент Мажлисинин депутаты Куаныш Султанов Астана шаарынын аталышында Нурсултан Назарбаевдин ысымын чагылдырууну сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Парламент жыйынында депутат эгемендүүлүктүн улуу жолун түбөлүк сактоо керектинин айтып, борбор шаарга “Эгемен Казакстан” монументин орнотууну демилгеледи. Ошондой эле Конституцияда президент Нурсултан Назарбаевдин мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын белгилөөнү кошумчалады. “Эл башчысынын ысымы борбордун аталышында жана башка маанилүү объектилерде чагылдырылышы керек. Биздин жалгыз максатабыз - Эл башчынын айланасында биригип, баалуулуктарды бекемдеп, аны көздүн карегиндей сактап, келечек муунга суверендүү жана эгемен Казакстанды өткөрүп берүү”,- деди депутат Султанов.
Султановдун демилгесин башка депутаттар дагы колдоду.
Астананын атын 2013-жылы дагы өзгөртүү сунушталган. Анда Улуттук илимдер академиясынын академиги Султан Сартаев шаарды Нурсултан деп атоо керектигин айткан. 2009-жылы болсо Азербайжан элчиси Лятиф Гандилов Астананга Султан-Ата ысымын ыйгарууну сунуштаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









