Жалал-Абадда СПИД илдетине каршы күрөш күчөтүлүп жатат
Быйыл 1-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине кашы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган “Адам укуктарынын жалпы жеткиликтүүлүгү” урааны менен бир айлык акциянын алкагында шаардык тийиштүү кызматтар ар кандай иш-чараларды күчөтүп жатышат. Бул тууралу облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басарынын убактылуу аткаруучусу Азимбү Бакирова билдирди.
Анын айтымына караганда, мурдатан бекитилген пландын негизинде шаардагы бардык мектептердин мугалимдери жана окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
-Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тортолрунун дарыгерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын бардык мектептеринде мугалимдер арасында тийиштүү түшүндүрүү иштери алып барылып, 9-11-класстагы окуучуларына лекциялар окулду жана 2000 окуучуга тандалып алынган темада диктант жаздырылды.Ошондой эле,шаардын 19 мектебинин социалдык педогогдорунун катышуусу менен семинар өтүп, ушундай эле СПИД боюнча мектептердин мугалимдерине да кошумча семинар өткөрүлгөн,-дейт ал.
Алынган маалыматка караганда,”Энеден балага жугуусу”, “ВИЧ/СПИД учурунда кодулоо жана басмырлоо” деп аталган санитардык баракчалар чыгарылып,10 миң даана баракча элге таркатылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18