Трамп Москва менен болгон мамиле кайра жанданганын четке какты
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусия менен болгон мамилени «кайрадан калыбына келтирүү» ыктымалдыгын четке кагып, Вашингтон менен Москва Сирия маселесинде кызматташтыкка барышы керектигин кайталады. Бул тууралуу Трамп 23-ноябрда New York Times гезитине курган маегинде билдирди.
Ал АКШнын Ирактагы согушу тууралуу буга чейинки пикирин кайталап, аны «өлкө тарыхындагы эң чоң каталардын бири» деп атады. Трамп алты жылдан бери кагылышуулар уланып жаткан Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча бир нече «күчтүү идеясы» бар экенин айтып, бирок алардын чоо-жайына кеңири токтолгон жок. «Биз Сирияда болуп жаткан алаңгазардыкты токтотушубуз керек», — деди ал.
Козголоңчулар менен күрөштө Москва Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдоодо, өз кезегинде Вашингтон көтөрүлүшчүлөрдү кубаттап, Асаддын отставкага кетишин каалайт.
Андан сырткары Дональд Трамп Орусия менен Кошмо Штаттар бир пикирге келүүнүн жолун издеп, терроризмге каршы күрөшүү өңдүү жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташуусу керектигин кайталады. Бирок ал Москва менен болгон ымаланы «калыбына келтирүү» жараянынын башталганын четке какты.
«Болуп өткөн окуялардан кийин мен ал терминди пайдаланбас элем», — деп билдирди Трамп.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









