KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы “Ариет” балдар чыгармачылык борбору 20 жылдык маарекесин белгиледи

Жалал-Абаддагы “Ариет” балдар чыгармачылык борбору 20 жылдык маарекесин белгиледи

Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Ариет” балдар чыгармачылык борбору түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. Мааракелик салтанат Барпы атындагы драма театрда өтүп, облус жана райондордон көптөгөн коноктор катышышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу азем Жалал-Абад шаарында биринчи жолу уюштурулган балдардын көркөм-сүрөт көргөзмөсү менен башталып, жетекчилер жаш жеткинчектердин тарткан сүрөттөрү менен таанышып чыгышты. Андан соң салтанат концерттик чоң программа менен коштолуп, жаш таланттар келген конокторго өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.

Аталган борбордун жетекчиси Жыпар Аманкулованын айтымында, бул борбор шаардагы жаш балдардын ар тараптуу өсүп-жетилүүсү үчүн зор эмгек жасап жатат. 

 - Биздин борбордо балдар интеллектуалдык, кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт, музыкалык жана спорт багытында иш алып барат. Учурда бизде 1000ден ашуун балдар тарбияланып жатса, аларга 24 мугалим билим беришүүдө. Биз ар кандай долбоорлор менен иш-алып барып, биздин таланттарыбыз өлкөдөгү, чет өлкөдөгү ар кандай сынактарга катышып келет. Борбор барган сайын канатын жайып, шаарыбыздын “Спутник” кичи районунда өзүбүздүн филиалыбызды түптөгөнгө мүмкүнчүлүк алдык. Албетте, жергиликтүү бийлик бизге ара тараптуу колдоолорун көрсөтүп жатат, - дейт ал.

Мааракелик иш-чаранын аягында жаш таланттарга Ардак баракчалары, баалуу белектер берилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30