Президент аппараты: президентке импичмент жарыялоо демилгеси кезектеги “шоу”
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин кезектеги “шоу” деп атады. Анын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, соңку саясий окуялардан улам бир катар саясатчылардын президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушуна негиз жок:
- Биздин өлкө эркин. Ар кайсы саясатчылар, ишмерлер өз дараметине жараша ой жүгүртүшөт. Кимдир бирөө жигердүү иштесе, кимдир бирөө апендилик кылат. Маселен, доктор Апас жана эмгек сиңирген юрист Текебаев өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн чуулгандуу маалымат жыйындарын өткөрүүнү жакшы көрүшөт. Дагы бири Мотуев абакта кастинг уюштуруп жатат. Турсунбек Акун жана Өндүрүш Токтонасыров дайыма бир нерселерди ойлоп басып жүрүшөт,- деген Алмаз Үсөнов Белизден келген документтерди иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды:
- Бул боюнча маанилүү бир жагдайды эскерте кетким келет. Болуп жаткан бардык ызы-чуу парламент депутаттарынын билдирүүлөрүнөн кийин жаралган. Дал ошол депутаттар өздөрүнүн үч кесиптешин мыйзамга каршы аракеттери үчүн айыпташкан. Ошондон кийин гана укук коргоо органдары бул маалыматтардын чын-бышыгын иликтей баштаган. "Эми аларга өз иштерин так аткарууга мүмкүнчүлүк берилиш керек. Териштирүүнүн жыйынтыгын күтсөк, баары өз ордуна келет, - деди Алмаз Үсөнов.
Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтоо жараяны башталганын 22-ноябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









