Жалал-Абадда Глинканын, Штраустун шедеврлери жаңырат
Жалал-Абад шаарындагы Барпы драмалык театрында 25-ноябрь күнү дүйнөлүк музыкалык маданият тарыхына өчпөс из калтырган Бахтын, Штраустун, Глинканын күүлөрү жана романстары, кыргыздын музыкалык классикасынан Токтогул Сатылгановдун күүлөрү, элдик күүлөр жаңырып, шаардыктарга унутулгус рахат тартуулашмакчы. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анткени шаардагы Глинка атындагы балдардын музыкалык мектеби өзүнүн 60 жылдыгын белгилеп, андагы мугалимдер менен тарбиялануучулар шаардыктарга юбилейлик чоң концерт беришет.
Глинка атындагы балдардын музыкалык мектебинен ушул кезге чейин миңдегенжаш өспүрүмдөр музыкалык билим алышкан. Бул мектептин тарбиялануучулары ар кайсы деңгээлдеги ири сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келишет.
-Биздин мектеп 1956-жылы 1-сентябрдан иштеп келе жатат. Азыр 25 педагог иштейт. Бүгүнкү күнгө чейин миңдеген келечек муундарына музыкалык билим берип, уядан учурду. Бизден бүткөн балдардын арасында кийин Москвадагы консерваторияны аяктап, АКШда, Англияда иштеп жүргөндөрү бар. Мектепте комузда, фортепианодо, үйлөмө аспаптарда, баян жана аккордеондо ойногонду үйрөтөбүз. Азыркы учурда бизде 320 бала билим алып жатат. Ал эми биздин музыкалык педагогдор жана окуучулар жамааты ушул юбилейден пайдаланып, шаардыктарга чоң программадагы концер тартууламак болдук, - дейт мектептин директору Кымбат Бердалиева.
Эскерте кетсек, аталган мектеп шаардагы тарыхый имараттардын биринде жайгашкан. Ал жайгашкан имаратта жыйырманчы кылымдын биринчи жарымында совет бийлигинин аткаруу органдары иш алып барышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30