Казакстанда "жер митингине" катышкан эки активист 8 жылдан түрмөгө кесилиши мүмкүн
Казакстанда соттолуп жаткан жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян жарыш сөз учурунда сүйлөөдөн баш тартышты. Прокуратура аларды сегиз жылдан түрмөгө кесүүнү сурады. Активисттер кастыкты козутууга, жалган маалымат таркатууга, мыйзамсыз митинг уюштурууга айыпталышууда. Алар күнөөлөрүн четке кагышууда.
Сот айыпталуучуларды жарыш сөзгө катышууга чакырды. Макс Бокаев жарым жылдан бери укук коргоо органдары Талгат Аян экөөнө ар кыл кылмыштарды жүктөп, бийликти күч менен басып алууга чейин айыпташканын айтып, сөз сүйлөөдөн баш тартты. “Куугунтуктоо учурунда 1937-жылы атайын кызмат колдонгон бардык ыкмаларды колдонушту: энелерибиздин эшигин талкалап, үйлөрүнө кирип барышты, коркутушту, тинтүү жүргүзүштү, жеке жашоого кийлигишти. Бирок Талгат экөөбүз Конституцияны бузгандыгыбыз боюнча далил табышкан жок. Андыктан 73 томдук иш – бул жөн гана макулатура”, -деди Макс Бокаев. Талгат Аян дагы күнөөсүн моюнга алган жок.
Прокурор активисттер жер маселесине байланыштуу өз пикирлерин билдиришкени үчүн соттолуп жатышкан жок деп эсептейт. Анын айтымында, Бокаев менен Аян акимчиликтин уруксаты жок аянтка чыгып, бийликти бардык ыкма менен каралоого аракет жасашкан. Элдердин патриоттук сезимдери менен ойноп, келечек муун кытай тилинде сүйлөп, кытай паспорту менен жүрүп калат деп коркутушкан.
Мамлекеттик айыптоочулар Макс Бокоевди жалпысынан сегиз жылга түрмөгө кесүүнү жана үч жылга коомдук иштер менен алектенүүгө тыюу салууну сурашты. Талгат Аяндын кичинекей балдары болгондуктан прокурор алты жыл сегиз ай жаза чегерүүнү сурады. Бирок белгилүү ишкер Тохар Тулешовдон митинг өткөрүү үчүн каражат алгандыгына байланыштуу жыйынтыгында ага дагы сегиз жыл берүү жана үч жылга коомдук иштер менен алектенүүгө тыюу салуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары соттолуучуларга 530 миллион 250 мин теңге (1,6 миллион доллар) айыппул салууну сурады.
Жактоочулар активисттерди кылмышкер деп атоо туура эместигин айтышты. Алар бир жарым айдан берки соттук териштирүү маалында жүздөн ашык өтүнүч берилгенин, бирок алардын көпчүлүк бөлүгү канааттандырылбай калганын эске салышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56