Текебаев: Атамбаевге импичмент жарыялоого даярдык башталды
Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтоо процесси башталды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Ал мамлекет башчы жана анын тегереги бийликти узурпация кылып алганын белгиледи жана оппозицияны "Мегаком" боюнча каралоо жүрүп жатканын айтты.
Текебаевдин айтуусунда, импичментти даярдоо жараяны 2-3 айлык мөөнөттү алышы ыктымал. Тиешелүү кызмат адамдарынан көрсөтмөлөр жана башка документтер чогултулушу керек.
«Президент отставкага кетет. Анын жанында жүргөн адамдар бийликти колдорунда кармап кала албайт, бул анык», -деди саясатчы.
"Ата Мекендин" лидери жарандык активисттерге, бейөкмөт уюмдарга, парламент депутаттарына кайрылып, импичмент жарыялоого жардам колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









