Орусияда дээрлик 150 бейөкмөт уюм «чет элдик тыңчы» деп табылган
Акыркы төрт жылдын ичинде 148 коммерциялык эмес уюм «чет элдик тыңчы» деп аталган реестрге киргизилсе, алардын 137си ага Орусиянын Юстиция министрлигинин чечими менен кошулган. Мындай сандар «Коомдук чечим» фондунун «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киришинин төрт жылдыгына арналган баяндамасында келтирилген.
"Коомдук чечим" фондунан акыркы кездери аталган мыйзамды колдонууда реестрге жаңы уюмдарды киргизүүгө караганда, андагы бейөкмөт уюмдарга басым жасоо учурлары көбөйүп жатканын белгилешүүдө. Баяндаманын авторлорунун билдирүүлөрү боюнча, тизмеге экологиялык, кайрымдуулук, укук коргоочу, агартуучу жана медициналык уюмдар киргизилген.
Фонддун маалыматына ылайык, 26 уюм жабылып калгандыктан, дагы 18 уюм чет өлкөлүк каржылоодон баш тарткандыктан улам реестрден чыгарылган. Бейөкмөт уюмдар өздөрүн «чет элдик тыңчы» деп таануудан баш тарткандыгына байланыштуу 50гө жакын административдик иш ачылган. Ошол эле маалда Юстиция министрлигинин аракеттери мыйзамсыз деп таанылган бир дагы учур катталган эмес.
Өткөн жума күнү эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму «чет элдик тыңчылар тууралуу» мыйзам иштеген төрт жыл ичинде Орусияда көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар жоголуп кетүү коркунучуна кептелгенин билдирген.
Орусияда аталган мыйзам 2012-жылдын 21-ноябрынан бери иштейт. Ага ылайык, саясий ишмердүүлүк менен алектенип, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар атайын реестерде катталууга тийиш.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









