KELECHEK
rek

Өзбекстанга 24 жылкысы менен кошо кирип кеткен аксылык Акылбек жылкылары менен кошо кайтарылды

Өзбекстанга 24 жылкысы менен кошо кирип кеткен аксылык Акылбек жылкылары менен кошо кайтарылды

Арадан 1 ай өткөндөн кийин, эки мамлекеттин ортосундагы Өкмөттөр аралык дипломатиялык мамилелердин натыйжасында жана аны менен бирге эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында19-ноябрь күнү 20:30 дар чамасында Өзбек республикасынын чек ара кызматкерлери Аксы районунун Курулуш айылынын тургуну Акылбек Боронбаевди жана жылкыларын Ала-Бука районунда жайгашкан “Баймак” чек ара тозотунан өткөзүп беришти.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, жылкычы Акылбек Боронбаев Аксы районундагы Киндик-Таш участкасында мал сарайда мал жандык менен алектенип жашаган.  21-октябрь күнү жылкылары жайытта жүрүп Сөгөт-Сай участкасы аркылуу  коңшу Наманган облусунун Хазрати-Шах участкасына өтүп кеткен. Жылкычы артынан кирип кайтарып чыгуу максатында чек арадан жылкылары менен кошо Өзбекстан чек арачыларына кармалган болчу.

2016-жылдын 10 ай ичинде Жалал-Абад облус аймагынан Өзбек Республикасынын аймагына жалпысынан 162 баш мал жандыктары кирип кеткен, алардын ичинен 53 жылкы жана 109 майда мүйүздүүлөр. Ал эми кирип кеткен 162 баш мал жандыктардын ичинен 148 баш мал кайтарылган. Алардын ичинен 49 жылкы 99 майда мүйүздүүлөр.

Жогорудагы фактылар боюнча мал жандыктар Аксы районунун аймагында талаада жүрүп кирип кетишкен, кирип кеткен мал жандыктары Аксы районунун Өзбек Республикасынын жергиликтүү бийлик өкүлчүлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайтарылган.

“Жалал-Абад облусунун башка райондорунан Өзбек Республикасынын аймагына мал жандыктар өтүп кеткен фактылар жок. Бирок ага карабастан жергиликтүү жарандарга (айрыкча чек арага тилкеш жайгашкандарга ) өз мал жандыктарын кароосуз жайыттарга калтырбоону эскертебиз”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41