Кыргыз диаспорасы Стамбулда ишмердүүлүгүн күчөтөт
Түркиядагы "Достук жана маданият коому" Анкарадагы кеңсеси жабылганына карабай, Стамбулда ишин күчөтүү ниетинде. Түркияда кыргыз диаспорасы катары саналган "Достук жана маданият коомунун" мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү өлкөдөгү төңкөрүш аракетинен кийин Кыргызстанга кетип калганы кабарланган. Ошондой эле коомдун демөөрчүлөрү Фетхуллах Гүлендин жамаатына тиешеси бар деген пикирлер да айтылган.
19-ноябрда коомдун Стамбулда өткөн кезектеги жыйынында уюмдун жаңы башкаруу кеңеши шайланып, анын акыркы маалда солгундаган ишин жандантуу маселеси талкууланды.
Анкара шаарындагы кеңсени биротоло жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын коомдун негиздөөчүсү Айбек Сарыгул мындайча түшүндүрдү. «Азыркы Түркиядагы чукул кырдаалдын негизинде биздин Анкарадагы филиалыбызга мөөр коюп кетишкен. Эмнеге мөөр коюп кетишкени бизге дагы деле белгисиз. Бирок көп эле биздикине окшогон коомдорду жаап жатышат. Бүгүнкү жыйында болсо Анкарадагы кеңсебизди биротоло жаап туралы деген чечимге келдик. Анткени мөөрүн качан алышары белгисиз болуп жатат», - деп кошумчалады ал.
Стамбулдагы жыйында "Достук жана маданият коомунун" башына жаңы жаш жетекчилер шайланды. Алардын бири Ырысбек Керезбек уулу шайланган беш кишинин алдында уюмдун ишин жаңылоо максаты турганын айтат.
Коомдун 158 активдүү мүчөсүнүн 40 пайызын Стамбулдагы студенттер түзөт. Жаңы келген студенттер коомдон ар тараптуу колдоо алып келишкен. Стамбулдагы "Достук жана маданият коому" 2010-жылы түзүлгөн. Ал жеке демөөрчүлөрдүн каражаты жана мүчөлүк төлөмдөр менен каржыланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29