KELECHEK
rek

Иш учурундагы кырсыктан сол бутунан айрылган Шамшарбек акыйкаттык издеп Президентке кайрылуу жолдоду(ФОТО)

Иш учурундагы кырсыктан сол бутунан айрылган Шамшарбек акыйкаттык издеп Президентке кайрылуу жолдоду(ФОТО)

Бүгүн, 21-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Элдияр Төрөкулов ,  аталган ишкананын мурдагы жумушчусу, иш учурунда сол бутунан ажыраган Шамшарбек, ишкананын айдоочусу Мирлан Рыспаев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшүп, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан бир жактуу текшерүү болуп жаткандыгы үчүн КР Президентинен акыйкатыкты орнотуп берүүсүн суранып, кайрылуу жасашты.

Маалымат жыйынга катышкан Э.Төрөкуловдун айтымына карганда, адар буга чейин 2016-жылдын 5-сентябрында да маалымат жыйын өткөрүшүп, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчусу Талипбек уулу Шамшарбектин 2016-жылдын 25-февралында А.Икрамов көчөсүндө күндүзгү саат 12-13 чамасында таштанды жыйнап жатканда бөөдө кырсыкка кабылып, натыйжада ал сол бутунан айрылган фактысын аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кандай жол менен бурмалоого барышкандыгын айтып беришкен. Андан бери 2,5 ай өтсө да, эч кандай жыйынтык чыкпай, кайра ишкананын жетекчилиги тарабынан айдоочу Мирлан Рыспаев менен Шамшарбекти күнөөлүү деп табуу боюнча аракеттер күч алып жаткандыгын ал өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

- Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эмгек укуктарын коргоо жана эмгекти коргоо башкармалыгынын буйругу менен Кубанычбек Матказиев келип, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчусу Талипбек уулу Шамшарбектин 2016-жылдын 25-февралында бөөдө кырсыкка кабылып, натыйжада ал сол бутунан айрылган фактысы боюнча өзүнүн иликтөө иштерин бир жактуу жүргүздү. Ошого карабастан, биз бул иликтөөгө макул болуп, К.Матказиевдин берген суроо-жоопторуна так жооп бергенге аракет кылдык. Бирок, Матказиев атайлап эле, Талипбек уулу Шамшарбекти адаштыруу максатында өзүнө керектүү гана бир жактуу суроолорду берип, Шамшарды басмырлап, мүмкүн болушунча айдоочу Мирлан Рыспаев экөөнө күнөөнү коюп, “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасын таптаза кылып алып чыгып кетүү аракетин жасаганы кечээ анык болду.

Биз бүгүнкү күнгө чейин бала өтө кыйналып калгандыктан, мэрияга кайрылып, жогоруда айтылган факты боюнча “Жалал-Абад-Тазалык” ишкансынын жетекчилигине чара көрүп берүүнү жана Шамшарбекке материалдык жардам сурап кат аркылуу кайрылсак, шаардын вице-мэри Урмат Маматов өтө кечиктирип, мөөнөтүн өткөрүп жооп берди. Анда ишкананын жетекчисине, андагы жооптуу кызматкерлерге чара көрүү боюнча эч нерсе жазылган эмес, бир гана “сен шаардын тургуну болбогондугуң үчүн жардам бере албайбыз” - деген жоопту берген. Биз шаар мэрине да нааразыбыз. Себеби, Шамшарбек Кызыл-Үңкүрдөн болсо да, “Жалал-Абад-Тазалык” ишкансында эки жыл аралыгында иштеп, өз эмгегин өтөдү. Кырсыктан улам, бир бутунан айрылган соң, “сен шаардын тургуну эмессин” - деп түртүп койгону, адилеттүүлүккө жатпайт деп ойлом, - дейт Э.Төрөкулов.

Төрөкуловдун айтымында, Талипбек уулу Шамшарбекти эки жыл мурун тазалык ишканасы айдоочулукка ишке алып, бир жылдан кийин аны жумушчулукка которгон. Кырсык болгондон кийин, мажбурлоо жолу менен айдоочу Мирлан Рыспаевдин апасынын колу менен жазылган арызга Шамшарбекке кол койдуртуп алышып, 2016-жылдын 26-июнунда “айдоочулуктан өз арызынын негизинде бошотулду” деген негизде иштен бошоткон. Бул чыгырылгап буйрукка да юридикалык баа берүүгө жатат. Себеби, Шамшар кырсык болгон учурда жумушчу болуп мштеп турган. Ишкананын юристи бул нерсеге көңүл да бурган эмес.

“Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында 2-топтогу майып, 21 жаштагы Шамшарбек бөдө кырсык боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди:

- 2016-жылдын 25-февраль күнү күндөгүдөй жумушка чыгып, А.Икрамов көчөсүндө күндүзгү саат 12-13 чамасында мен таштанды алып жаткамын, мен ары карап турсам, машина арты менен келе жаткан. Мен да, айдоочу да көрбөй калып, машина мени дубалдын бурчуна кысып койду. Мен өзүмдү жоготтум. Көзүмдү ачсам реанимацияда экемин. Натыйжада айдоочу Рыспаев Мирлан аркылуу Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилип, алган жаркатым оор болгондуктан, ошол замат оорукананын дарыгерлери тарабынан эки ирет операция жүргүзүлүп, сол бутумду кесип салышкан. Ооруканада 2 ай жаттым. Ооруканага ишкананын механиги Абдыкадыр Досиев келип: “кырсык иште эмес, үйдө болгон” деп жаз деди, болбосо “акең камалып кетет” дешти. Айдоочу акем камалып кетсе, мени ким карайт деп ойлонуп, “кырсык үйдө болду” деп алар жазышты, мен кол коюп бердим. “Иште болгонун айтпасаң, кайра жумушка алам деди жетекчим”. Акча берем, арызыңды ал деп айткан. Мен макул болбой койгондуктан, ошондон бери мага тоскоолдук кылып келе жатат, - дейт Шамшарбек.

Шамшарбектин айтымында, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эмгек укуктарын коргоо жана эмгекти коргоо башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Матказиев атайлап бурмаланган суроолорду берип, ооруканага келгендеги окуялар боюнча суроо бербей, айдоочу жакка атайын бурмалоого барган.. Ошондой эле, “Жалал-Абад-Тазалык” ишкансындагы иштеген жумушчулардын баарынан алып, бирок Шамшар кырсыкка учураган мезгилде чогуу болгон, окуя болгон жердеги көргөн адамдардан түшүнүк кат албаган. “Эмне үчүн айдоочу менен жанымдагы жумушчудан түшүнүк кат албайсын?” – десем, ал менин ишим деп жооп берип койду. Айдоочу менен мага күнөөнү оодарып жатат”, - деди Шамшарбек.

 “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын таштанды ташуучу автоунаанын айдоочусу Мирлан Рыспаевдин сөзүнө караганда, бул кырсык боюнча келтирилген зыян үчүн 10 миң сомдук административдик айыпты төлөп бүткөндөн 10 күн өтөндөн кийин, Бишкектен экотехинспекциянын өкүлү Матказиев келген.

- Комиссия келерден бир күн бир мурун Төлөн Бакиров Бишкектен комиссия келет, сен ошол жерге барып, болгон окуяны көрсөтүп бересин деди. Бакиров келип, “Шамшар 10 пайыз күнөөлүү болуп жатат. Булар көзөмөлдөгөнү гана келди. Шамшарды 30-40 пайыз күнөөлүү кылат, сени да 40-50 пайыз күнөөлү кылып көзөмөлдөп гана кете турган нерсе. Ооруканага барып, шоковый абалдамын деген көздөрдү айтпай эле кой” – деп айтты. Комиссия келгенде Шамшарды алып алайынбы? – десем, болбой койду. Алар келип кеткенден кийин, прокуратурадан чалышты. Сен буга бирди сүйлөп, башкага бирди сүйлөп, сен жасап жаткан турбайсыңбы? – деп прокуратура чакырды. Эми мен кайсы кылган жазам үчүн буларга жооп беришим керек? – дейт М.Рыспаев.

Ал эми ишкананын жумушчусу Султан Кочкоровдун берген маалыматына караганда, 25-февраль күнү эртең менен жумушка чыгаардан мурун нарколог дарыгерден текшерүүдөн өтүшкөн.

- Эртең менен текшерүүдөн өткөндөн кийин, адаттагыдай эле иштеп, таштандынын биринчи каттамын төгүп келгенбиз. Анан түшкү тамакты ичип, жакшынакай эле иш алып барып жатканбыз. А.Икрамов көчөсүнө машина алды менен кирсе, кайра бурулуп чыгып кетиши өтө кыйын, ал жер өйдөлүш жана тар болгондуктан, машинаны арты менен алып келгенбиз. Машинанын арты менен келип, мен бир капталында, Шамшар бир капталында келе жатканбыз. Түшкү убакытта күн чагылышып калат да, шопурга да арткы жакты кароо кыйын болсо керек. Ар бир тормоз бергенде, жолдогу топурактар буруксуп, бозоруп арты көрүнбөй калат. Мени айдоочу Мирлан көргөн да, бирок Шамшардын артта турганын байкабай калып, дубалга кысып койгон. Машина дубалга барып такалганда эле, Шамшар кыйкырып-бакырып калды. Анан биз аны алып, ооруканага жеткирдик. Операцияга жарым сааттан кийин алып кирди.

Кырсык болгондон жарым саатка жетпей, ооруканага келген ишкананын механиги А.Досуев менен коопсуздук боюнча башкы адиси А.Тажибаевге узун тупик көчөгө киргенде кырсык болгондугун толугу менен түшүндүргөнбүз. “Силер азыр ишкананын машинасы менен дубалга кысылып калды десеңер, ГАИ келет, көптөгөн иштер болуп кетет. Өзүбүздүн машинада болду десеңер бул иш эртерээк жана оңой бүтөт”, - деп бизди алдашты. Биздин сабатсыздыгыбыз болду. Мени чекеге чыгарып алып, “Мирлан камалып кетет”, - деп айтты. Мен ойлодум, Мирландын 4 баласы болсо, бул камалып кетсе, Шамшарды ооруканада ким карайт. Үчөөбүз үч бир туугандын балдарыбыз. Туугандар болгондуктан, Мирлан камалбай калышын кааладым. Шамшарды ооруканада бирөө карашы керек болчу. Биз алардын айтканына ынандык. Ошентип айткандан кийин эле, милиция кызматкерлери келишти. Биз шоковый абалда болгон үчүн калтырап жатып жооп бердик. Алар биздин айтуубуз боюнча жаза башташты. Биз үчөөбүз авто унаа оңдоп жаттык эле, Мирландын машинасы болчу. Мирлан үйүнө кирип кеткен, мен жанында турган болчум, домкрат түшүп, Шамшардын бутун басып калды десек, “кана машинаңар, машина ошол жерде калдыбы? – дешти. Биз даректи айттык. Алар дарек боюнча барышып, машинаны көрүп, бир да тамчы кан жок экен го? Эмне жалган айтасыңар? - деп телефон чалып айтышты. Ошол боюнча милиция кызматерлери кызыккан да жок, ал калып кетти. Менимче жогор тараптан аларга кысым көрөтүлүп, токтотуп койсо керек, - деген оюн Султан Кочкоров билдирди.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары  Элдияр Төрөкулов бул иштин ачыгына чыгаруу аракетин көрө баштаганда, ишкананын жетекчиси Төлөн Бакиров анын кызмат ордун кыскартуу боюнча маселени шаардык кеңештин сессиясына коюп, депутаттардын жардамы менен бул иштин бетин ачууга бөгөт койгон. Элдияр Төрөкуловду кырсык болгондон 5 күн өткөндөн кийин, 1-мартта эмгек эргүүсүнө кетирип, андан кийин анын кызмат ордун “бюджетти үнөмдөө” максатта деген шылтоо менен шаардык кеңештин 15-марттагы сессиясынын токтому менен кыскартууга жетишкен.

Ошентип, Төлөн Бакиров жетектеген “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери өндүрүштө болгон бөөдө кырсыкты жаап-жашырып, алдоо жолу менен “үйдө болгон кырсыкка” айландырып, көз көрүнө чындыкты бурмалашкан. Бул тууралуу жетекчинин мурдагы орун басарыЭлдияр Төрөкулов маалымат жыйында төмөндөгүчө түшүндүрмө берди:

- Чындыгында, бул окуя катталган. Биринчи жолу биздин кызматкерлерге маалымат бергенде механик А.Досуев жана техникалык коопсуздук боюнча адис Ахат Тажибаевге телефон чалып, билдирилген. Бирок, 4-5 күн аралыгында бизде жашыруу болгон. Биздин көзөмөлдөөчү Диларам Арапбаевага ошол А.Икрамов көчөсүнүн домкому чалып, баланын акыбалын сурагандан кийин, булар 4-5 күн ишке келбей калгандан кийин, профсоюз уюмунун төрайымы Бурма Төралиева 5 адам биригип, жеринде текшерүүгө барганбыз. Буларды ооруканага барып көрдүк, жеринде болгон окуяны көрүү үчүн барсак, дубалда төгүлгөн кан, бурчунда турган темир кайрылып кеткен. Биз буларга келип айттык: “Мирлан сен бул ишти жашырба, эртең өзүнө кыйын болуп калат. Шамшарбекке мамлекеттен атайын төлөнүп берилүүчү жеңилдиктери бар. Сен төрт балаңды багасыңбы, же Шамшарды багасыңбы? – деп түшүндүрүп айттык. Буларды А.Досуев, Т.Бакиров, А.Тажибаевдер коркутуп коюшкан экен. Бизди укпай коюшту. Ишкананын жооптуу кызматкерлери баары эле билген. Юристи да кабардар болгон. Бирок, баш көтөрүп, каршылык көрсөткөндөр аз болуп калганбыз. Д.Арапбаева жеке өзү кирип, ишкана жетекчиси Төлөн Бакировго болгон окуяны айткан. Мага азыр айтып жатышат, “эмне үчүн билдирүү берген жоксун?” - деп. Мен отпускада жүрүп, билдирүү бере албайм да. Биринчиден, техника коопсуздугу боюнча адис ошол билдириш керек эле. Жакында 7-каналдан А.Тажибаев билдирүү берген эмесмин десе, механик А.Досбаев бул кырсыкты эми угуп жатам деп интервью берип жатышат.

Ал эми 2016-жылдын 9-мартында КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондук башкармалыктын “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасында болгон бөөдө кырсыкты атайын териштирүү боюнча буйругу чыгып, комиссиянын курамына А.Досуев, А.Тажибаев кирип жатат. Иликтөөлөр жүрүп, ошол иликтөөнүн жыйынтыгына А.Досуев кол коюудан баш тарткан. Жетекчи да баш тарткан. Кийинки иликтөөдө юрист М.Абдраимов кол коюудан баш тартууда. Мына ушул өндүрүштүк кырсыкты жашырып, жаш жигит Шамшарбектин тагдырына кайдыгер караган жетекчилерге ишеним артууга болобу?

Майыптык кагазына да Т.Бакиров 10-15 күн жүрүп, кол койбой жатып, араң кол койду. А.Досуев менен А.Тажибаевдин экотехинспекцияга берген түшүнүк каттары эки башкача болуп жатат. А.Тажибаев “кырсыкты 5 күндөн кийин чогулушта уктум” десе, А.Досуев “биз ооруканага кокустан эле барып калып, милиция кызматкерлерине түшүнүк кат берип жатканда билдик” – деп түшүнүк каттарды жазышкан. Бул жооптуу кызматкерлер чындыкты жашырып, эч нерсе болбогондой дале иштеп жатышат. Ал эми 7-8 миң алып иштеп келген Шамшар бир бутунан ажырап, жашарга жери жок, тамак таап жегенге акчасы жок, оор абалда калып жатат. Ошол маалда баш көтөрүп, чындыкты айтып койгондор кысымга алынып, айрымдары иштен айдалып, ишсиз калды. Мени өзүнүн кызмат орду үчүн пайдаланып жатат дешкендиктен улам, булар мени менен байланышпай коюшкан. Качан гана 4 ай өткөндөн кийин, мага чалышып, биз алданып калыптырбыз дешкенде, адамгерчилик үчүн гана жардам берип жатам.

Өзүмдүн кызмат ордумду мыйзамсыз кыскартышканы боюнча сотко кайрылып, арбитраждык соттон утуп алдым. Биринчиден, ишкана жетекчиси Т.Бакиров менин ордумду кыскартуу боюнча бир ай мурун мага эскертүү бериш керек эле, берген эмес. Экинчиден, мага төмөн жумуш ордун бербестен, профсоюз уюмунун чогулушуна салбай туруп, менин кызмат ордумду кыскартуу сунушун шаардык кеңештин сессиясына алып чыккан. Кечээ шаардык кеңештин кабыл алган токтомунун штаттык бирдиктерин кыскартуу бөлүгүн сот жокко чыгарып берди. Биринчи шаардык сотко да кайрылганымда, райондор аралык соттун чечимине карап, мен сага чечим чыгарып берем деп айткан. Эми шаардык сотко кайрылам. Шаардык сот да мыйзамдуу чечим чыгарып берет деген ишеничтемин. Менин кызмат ордум эмес, Шамшарбектин азыркы абалы мени өтө тынчсыздандырат. Шамшарга ооруканада жаткан мезгилдеги ишке жарамсыз баракчасына да 50 пайыз гана акчасын төлөп беришкен. Азыр эми эч кандай ишканадан жардам жок, - деди Э.Төрөкулов.

Ошондой эле, маалымат жыйынга катышкан ишкананын көзөмөлдөөчү Диларам Арапбаева эжеке жогорудагы окуяны 3-4 күн өткөндөн кийин домкомдун телефон чалуусунан кийин гана билип, окуя болгон жерди барып көргөндүгүн айтып берди. Анын айтымында, ага ошондогу кырсык боюнча  жашоочулар кеңири маалымат беришкен.

“Бул кырсык кокустуктан улам, болгондугун А.Икрамов көчөсүнүн жашоочулару мага айтып беришти. Окуя болгон жерде кан жайнап жатканын, кырсыктын издери сакталып калгандыгын өз көзүм менен көрдүм. Жетекчи Т.Бакиров өз учурунда жок болгондуктан, ага 2-3 күндөн кийин кирип, кырсык болгондугун айттым. Бирок, Т.Бакиров өндүрүштүк кырсык эмес, үйүндө болгон кырсык экендигин айтып, чындыкты атайлап уккусу келген жок. Анан мен жетекчинин орун басары Элдиярга айтып, безилдеп туруп алдым. Машинасы менен барып көрдүк, эч ким келбей жатат, жадагалса телевидение келбей жатат деп айттым. Ооруканага бардык. Ошол күндөн бери бизди кысымга алып келе жатат. Биздин барганыбызды видеого тартып алышыптыр. Ким тартып алганы белгисиз. Сен өзүңдүн арызың менен ишиңден кет деп жатышат. Планга жетпейсин деген шылтоо менен гана азыр ишиңден кет деп Медер кысым жасап жатат”, - дейт Д.Арапбаева.

Бул кырсыкты ачыкка алып чыгууга аракет жасагандардын арасында көзөмөлдөөчү Зарина Иманалиева да болгон. Аны ошол учурда ооруканага барып, Шамшарбектин абалынан кабар алгандыгы үчүн ишкананын жетекчилиги кысымга алып жатып, акыры иштен кетүүгө аргасыз кылышкан.

Акырында айтаарыбыз, бул окуянын катышуучуларынын баары Шамшарбектин иш учурунда кырсыкка учурап, сол бутунан айрылганын бир ооздон айтып жатышат. Колдогу документтерде да Талипбек уулу Шамшарбек 2016-жылдын 25-февралында А.Икрамов көчөсүндө таштандыны алып жаткан учурда кырсыкка учурагандыгы боюнча экотехинспекция тарабынан АКТлар түзүлгөн. Ошого карабастан, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги бул кырсык өндүрүштө болбогондугун айтышып, айрым ЖМКга туура эмес маалыматтарды берип келишет. Жетекчи Т.Бакиров болсо, Шамшарбекке 70 миң сом сунуштап, экотехинспекциядагы арызын алып кой деген сунушун берген, бирок бир бутунан айрылган жигит буга макул болгон эмес. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан азырынча эч кандай баа бериле элек.

Эскерте кетсек, Шамшарбек иш учурундагы кырсыктан сол бутунан айрылып, азыр 2-топтогу майып катары 2200 сом мамалекеттен жөлөк пул алат.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, "KOGART.KG"

http://kogart.kg/?view=news&id_news=1195

“Жалал-Абад Тазалык” ишканасы өндүрүштө болгон кырсыкты жашырып, сол бутунан айрылган Шамшарбекке жардам бербей келет(ФОТО) 2016-09-05  19:39

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24