Жалал-Абадда массалык жөө жүрүш даярдалууда
Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында 1-декабрь күнү шаарда “Адам укуктарынын жалпы жеткиликтүүлүгү” аттуу массалык жөө жүрүш уюшурулмакчы. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, бул күнү шаардагы “Эркиндик” аянтында жаштар тарабынан атайын флеш-моб уюштурулуп, “Биз СПИД илдетине жана баңги заттарга каршыбыз” аттуу сынактын жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда тамашоу тибиндеги сахналык көрүнүштөр шаардыктарга тартууланмакчы. Аны шаардагы жаштардын, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн борбордук көчөлөрдөгү массалык жөө жүрүшү коштойт.
- Бул ири иш-чараларда жаштардын кеңири маалымат алышы үчүн атайын викториналар, кызыктуу башка да көрүнүштөр уюштурулат. Викторинада жеңүүчүлөргө белектер берилет. Биз коопсуздук жана мыкты уюштуруучулук жагына маани берип жатабыз. Мунун баары коомчулукту коркунучтуу илдеттерден сак болууга үндөө болуп саналат, - дейт ал.
Эскерте кетсек, шаар мэриясы ВИЧ/СПИЛ илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлыгын жарыялаган жана мындай ири иш-чаралар жыл сайын шаар мэриясынын, областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, жаштар уюмдарынын биргелешкен аракети менен өткөрүлүп келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13