
Жалал-Абад мэриясы шаардагы орто окуу жайларынын жана кесиптик лицейлердин ишмердүүлүктөрүн карайт

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин кезектеги жыйынында атайын орто окуу жайларынын жана кесиптик лицейлердин ишмердүүлүктөрү тууралуу маселе каралмакчы. Буга карата мэриядан түзүлгөн атайын комиссия курамы бардык окуу жайларында болуп, абал менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын айтымында, жылдын башында атайын орто окуу жайларынын жана кесиптик лицейлердин ишмердүүлүктөрү тууралуу маселе аткаруу комитетинин кароосуна киргизилген. Ошого карата атайын түзүлгөн текшерүүчү топ бардык окуу жайларындагы абал менен кеңири таанышып, тактамалар даярдалды.
- Негизги максатыбыз студенттердин билим сапатын, сабакка болгон жетишүүсүн, жаштардын коомдук жана маданий иш-чараларга катышуусун, окуу жайындагы түзүлгөн шарттар талапка ылайык келеби же жокпу, деги эле жалпы ишмердүүлүгүн карап чыгып, тийиштүү сунуш-пикирлерибизди берүү жана айрым жагдайларын аткаруу комитетинин кароосуна алып чыгуу болуп саналат. Биз жаштардын терең билим жана татыктуу тарбия алуусуна кызыкдарбыз, - дейт ал.
Эскерте кетсек, буга чейин шаар мэриясынын аткаруу комитети өз жыйындарында жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы окуу-тарбия процессинин абалы тууралуу маселелерди карап, тийиштүү токтомдорду кабыл алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30