
Жалал-Абадда дүйнө чемпиондорун даңазалашты

Туркияда жана Россиянын Казан шаарында өткөрүлгөн спорттук мелдештерде ийгиликтерди жараткан спортчуларды Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана шаар мэри Салайдин Авазов баштаган жергиликтүү бийликтердин, коомчулуктун өкүлдөрү облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда салтанаттуу түрдө тосуп, аларга сый-урмат көрсөтүштү.
Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакировдун айтымында, Туркияда 26 мамлекеттин студенттеринин арасындагы өткөн дүйнө биринчилигинде спорттун грек-рим күрөшү боюнча жеңишке Асан уулу Эсен жана Россиянын Казан шаарында өткөрүлгөн мелдеште спорттун алыш күрөшү боюнча коло медалына Шаршенаалы уулу Мааданбек ээ болушкан.
-2016-жыл Жалал-Абад шаарынын спорт тармагында чоң бир ийгиликтүү жыл болду десем жаңылышпайм. Өлкөдө жаштар арасында 8 жылдан бери дүйнө чемпиону болбой келген болсо, ушул жылы Францияда өткөрүлгөн дүйнө биринчилигинде Кыргызстандан эки спортчу биринчиликти алды, алардын бири Жалал-Абад шаарынан. Алдыңкы орундарды багындырган спортчуларыбызды бүгүнкүдөй салтанаттуу тосуп алуу менен бирге өсүп келе жаткан жаштарды спортко болгон кызыгуусун күчөтүү – негизги максатыбыз, - дейт ал.
Спортчуларды тосуп алуу салтанатында сөз сүйлөгөн шаар мэри Салайдин Авазов аларды жеңиши менен куттуктап, буга чейинки дүйнөлүк мелдештерде алдыңкы орундарды багындырган спортчуларга жергиликтүү бийлик тарабынан жыл аягына чейин материалдык сый-урмат көрсөтүлөрүн белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30